Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 9/2
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -2” долбоорунун алкагында К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү жана АРИСтин ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатып алына турган автосамосвал HOWOZZ 3257 N 3847 В маркасындагы техника үчүн үч тараптуу келишимде каралган бюджеттик милдеттенмен кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IХ отуруму жогорудагы каралган маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү “ долбоорунун алкагында К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү жана АРИСтин ортосундагы алкактык келишимдин негизинде сатып алына турган автосамосвал HOWO ZZ 3257 N 3847 В маркасындагы техника үчүн үч тараптуу келишимде каралган бюджеттик милдеттенменин негизинде 862 500 сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын которуу үчүн тиешелүү финансылык документтерин даярдап, которуу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Акча каражатын которуу боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо “Сопу-Коргон”жайыт комитетинин төрагасы С.Жупуевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсунга тапшырылсын.
Төрага |
M. Атабаев |