Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-декабры № 9/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүнЧий-Талаа айылынын тургуну , Апыев Эмилдин арызын кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл кенешинин кезектеги отуруму Чий- Талаа айылынын тургуну Апыев Эмилдин арызын карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 34-статьясынын 2 -пунктундагы талаптарды кайрылуучу айыл өкмөттүн тиешелүү адистери менен биргеликте аткарсын.
2. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 34-статьясынын 3-пунктуна ылайык Апыев Эмилдин арызында көрсөтүлгөн жерге көрктөндүрүү үчүн ага 8(сегиз) жыл мөөнөткө пайдалануу үчүн берилсин. (Арызда көрсөтүлгөндөй жердин аянты 0,6 га жана жерди көрктөндүрүү мөөнөтү 8 жыл.)
3. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-статьясынын 2-пунктуна ылайык ушул токтомдун 1/ 2 пунктарында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу жагы Апыев Эмилге милдеттендирилсин.Берилген жер аянтына кандайдыр бир курулуш куруу курганга мүмкүн эместиги аталган жаранга эскертилсин.
4 .Тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсунга жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасыА.Борошовко жүктөлсүн.
Төрага |
M. Атабаев |