Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2018-жылдын 31-январы № 12/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын тургундарынын таштанды таштоочу жай курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
К.Белекбаеы атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсундун билдирүүсүн угуп талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XII кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн атуулдарынын таштанды таштоочу жай даярдоо үчүн Көнөк-Салды чатынан 0,20 га жер тилкеси бөлүнүн берилсин.
2. Жогорудагы жерди мыйзамдаштыруу жагы Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Архитектуранын көрсөтмөсүнүн негизинде туура жайгаштыруу, көрсөтүү, мыйзам чегиндеаткаруу жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Машаевге жана Сопу-Коргон тазалык ишканасынын жетекчиси Т.Кадырвго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Н. Маташов |