Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 28/1
Билим берүү мекемелеринин 2017-2018- окуу жылындагы окуу программаларынын окутутулушу, тарбиялык жана чарбалык иштери жөнүндө
Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын 2017-2018- окуу жылындагы окуу программаларынын окутулушу, тарбиялык жана чарбалык иштери жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын 2017-2018- окуу жылындагы окуу программаларынын окутулушу, тарбиялык жана чарбалык иштерин аткаруу жетекчиликке алынсын.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн мектептеринин жана бала бакчанын негизги жана айланма каражаттарын , ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан берилген чарбалык буюмдарын инвентаризациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, айылдык кенештин депутаттарынан, мектеп , бала бакча жетекчилигинен турган комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Мектептердин жана бала бакчанын негизги жана айланма каражаттары, ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан берилген чарбалык буюмдары инвентаризациялоодон кийин айыл өкмөтүнүн балансына кириштелсин.
4. Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күнгөй баштооч мектебинин жана Кабылан-Көл бала бакчасынын 2017-2018- окуу жылындагы окуу программаларын окутууну күчөтүү, адептик тарбиялык иштерин өркүндөтүү жагы мектеп директорлоруна жана бала бакча жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |