Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 28/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын, арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө салык боюнча башкы адис К. Абжалиевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктардын , арендалардын жана жайыт комитетинин пландары толук аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн ижарага берилген жерлердин аренда акысы үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо жайыт комитетинин төрагасы С.Сактановго жүктөлсүн.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү бардык түрдөгү салыктарды өз убагында жыйноо планды мезгилинде аткаруу салык боюнча башкы адис К.Абжалиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго жүктөлсүн жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |