Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 28/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элдин социалдык абалы, аз камсыз үй бүлөлөр, жалгыз бой жана майыптар менен иштөөдө аткарылган иштер жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элдин социалдык абалы, аз камсыз үй бүлөлөр, жалгыз бой жана майыптар менен иштөөдө аткарылган иштер жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү элдин социалдык абалы , аз камсыз үй бүлөлөр, жалгыз бой жана майыптар менен иштөөдө бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Аз камсыз үй бүлөлөр, жалгыз бой жана майыптар менен тынымсыз иш алып баруу, үй-үйлөрүнө барып кабар алып туруу, муктаждыктарына карата жардам берүү жөнүндө жогорку органдарга кайрылуу социалдык иштер боюнча жетектөөчү адис К.Топчуевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |