Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-февралы № 28/4
Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жарандарынан талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кабылан-Көл айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо жана кенештердиништери жөнундөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсун угуп талкулоонун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 19.02 2013-жылдагы №23 Мыйзамынын негизинде Кабылан-Көл айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин
2. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөндөгү жарандар аймактык комиссиясынын курамына сунушталсын.
Абылаева Айчүрек - Күнгөй айылындагы Күнгөй баштооч мектебинин жамаатынан;
Жолдошов Майрамбек - Кара-Жыгач айылынан, жаштар уюмунан;
Кенжекулов Сайыпназар -Кабылан-Көл айылы, Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин жамаатынан;
Садыков Самат - Курулуш айылынын Өйүз жамаатынан.
3. Сунушталган талапкерлердин тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап, Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчы Г.Сарыбаевага тапшырылсын.
4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо жана кенештердиништери жөнундөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Кадыркулов |