Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КөЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 29/1
“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн административдик чек арасын бекитүү жөнүндө
“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн административдик чек арасын бекитүү жөнүндө Кабылан-Көл айылдык кенешинин 29-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан административдик чек араларды тактоо Кабылан-Көл жана Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрү тарабынан 2018-жылдын 12-февралында жазылган АКТсынын негизинде административдик чек арасы бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Т.Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага | У. Кадыркулов |
АКТ
2018-жылдын 12-февралы Гүлчө айылы
Биз акт түзүп кол коючулар:
1-тарап: Конур -Дөбө айыл өкмөтунун башчысы: Азимжанов Асилбек, айылдык кенештин төрагасы: Сагын Жээналиев, жер адаиси: Кыдыркулов Талант, жайыт комитетинин төрагасы: Бегматов Базарбек
2-тарап: Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы: Токтосун Камилов, айылдык кенештин төрагасы : Кадыркулов Убайдилла, жер адиси Сактанов Самат, жайыт комитетинин төрагасы Самат Сактанов болуп актр түзгөнүбүздүн себеби: Биз Кыргыз гипроземдин өкүлдөрү менен бирге чогуу чек араны тактоо учурунда чек ара белден кырдан белгиленгендигине байланыштуу төмондөгүдөй чечимге макулдаштык. Коңур-Дөбо айыл өкмөтүнүн Арпа –Тектир айылынан Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө ашкан белдин Кабылан-Көл тарабына ашкан машина жолдун сол тарабындагы айдоо жер 7,7 га контуру 587жана 613 номерлери Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө, ал эми Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө 13,2 га контуру 503 чөп орунду жер тиешелүү экендиги аныкталып, белдин кырынан атайын коюлган учемекке карай Конур –Дөбө, Кабылан-Көл айыл өкмөттөрүнүн чек арасын тактадык жана Коңур –Дөбө айыл өкмөтүнүн Арпа-Тектир айылынын тургундары пайдаланган Кабылан-Көл тарабындагы жерди мөөнөтсүз пайдалануусуна эки тарап биргелешип макулдаштык.
1-тарап: 2-тарап:
Азимжанов Асилбек Камилов Токтосун
Сагын Жээналиев Кадыркулов Убайдилла
Кыдыркулов Талант Сактанов Самат
Бегматов Базарбек Сактанов Самат