Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 10/1
Айыл аймагындагы социалдык обьектилердин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары жөнүндө
Күз-кыш мезгилдерине карата мекемелердин, соц.обьектилердин ремонттолушунун абалын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32,33-беренесине таянып Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 10 - заседаниесинин
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөткө караштуу мектептерди, бала бакчаны жаңы 2016-2017-окуу жылына карата даярдоо, мекеме ишканаларды ремонтоо, күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча бир катар иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. № 20 К.Турганбаев атындагы орто мектебинин учурда бөлмөлөрдүн жылуулугу 9-12 градусту түзүп, окуучулар жана мугалимдердин ден соолугуна терс тааасирин тийгизгендиктен, жылуулук системасын карап, себеби аныкталып, тез арада чара көрүү колго алынсын.
3. Айылдык маданият үйүнүн, № 8 Жаңы-Турмуш китепканасынын жылуулук менен камсыздалбагандыгына байланыштуу чаралар иштелип чыгылсын.
4. Кыш мезгилине карата мектеп имараттарынын жана от казандары жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыздоо, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, имараттардын айланасындагы электр чубалгыларын иретке келтирүү жагы мектеп директорлоруна, ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Электр энергиясын белгиленген лимиттен ашырбай үнөмдөө багытында иш алып баруу мектеп директорлоруна, ишкана жетекчилерине жүктөлсүн.
6. Мекеме-ишканалардын, мектептердин бөлмөлөрүндө жылуулукту сактоо максатында терезелерди жылуулоо, эшиктерди бекемдөө иштери алынып барылсын, түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр тартып келүү иш аракеттери аягына чыгарылсын.
7. Токтомдун аткарылышын камсыздоо мектеп, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |