Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры № 10/2
Айыл өкмөтүндөгү жер, муниципалдык менчик жана турак жай маселелери боюнча жетектөөчү адис М.Топчубаевдин аткарып жаткан ишинин абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин жер, муниципалдык менчик жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комитеттин төрагасы Шамшиев Маматкабылдын маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 10-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүндөгү жер, муниципалдык менчик жана турак жай маселелери боюнча жетектөөчү адис М.Топчубаев тарабынан бир топ жумуштар аткарылып жаткандыгы менен катар кемчиликтердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын сактоо айыл өкмөт башчысы тарабынан такай көзөмөлгө алынсын, мыйзам бузууга жол берген кызматкерлерге чара көрүлөрү эске алынсын.
3. Кайра бөлүштүрүү фондунун Жаңы-Турмуш айылына караштуу Калама участкасындагы Көк-Бөрү оюнун уюштуруу үчүн бөлүнгөн жер аянты, Кара-Токту участкасындагы Кызыл-Таш тилкесиндеги А.Омошевдин чөп орунду жери тактоо айыл өкмөттүн жер, муниципалдык менчик жана турак жай маселелери боюнча жетектөөчү адис М.Топчубаевге жана тиешелүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер, муниципалдык менчик жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |