Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 11/2
Жошолу айыл өкмөтүнө 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга бюджетти бекитүү 2019-2020-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы жана 2018-жылга бюджетти бекитүү, ошондой эле 2019-20-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылда айыл өкмөттүн жалпы бюджеттин бекитилгени 7742,2 (жети миллион жети жүз кырк эки мин эки жүз) сомго, такталган планы 9325,4 (тогуз миллион үч жүз жыйырма беш мин төрт жүз) сомго ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 9093,7 (мин сомго) аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2018-жылга карата Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы жалпысынан 12201,9 мин сомго анын ичичнен теңөөчү грант 6154,9 мин сомго, киреше бөлүгүнө 6047,0 мин сом, анын ичинен атайын эсепке 170,0 мин сомго, жайыт пайдалануучулардын бирикмесине 300,0 мин сомго, 2019-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоор планы 12189,4 мин сомго, 2020-жылга 12033,2 мин сомго болжолдуу бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүндөгү жайгашкан мекеме-ишканалардын отчет-учет иштерин өз убагында айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин пландоо жана бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абдырахмановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |