Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 11/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
2018-жылга карата айылдык кеңештин иш планын бекитүү боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XI заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Айылдык кенештин 2018-жылга карата түзүлгөн иш планында белгиленген маселелерди жетекчиликке алуу жана аткарылышын камсыздоо айылдык кенештин депутаттарына, туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |
БЕКИТЕМ
Жошолу айылдык кенешинин
төрагасы:_____________ З.Боронов
“18” декабрь, 2017-жыл
Жошолу айылдык кеңешинин 2018-жылга түзүлгөн Иш планы
№ | Заседаниеде каралуучу маселелер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Отчет берет |
1. | Жошолу айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышынын жыйынтыгы | 1 - квартал | А/ө башчысы, тиешелүү жооптуу кызматкерлер | Т.Абдырахманов |
2. | Пакиза суу ИСКАКБ ишканасынын 2017-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы | 1-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | ИСКАКБнын төрагасы Иманахунов А. |
3. | Жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы | 1-квартал | Бюджет, салык жана финансы боюнча комиссия | Жайыт комитетинин төрагасы Боронов |
4. | Жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктар,айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын жерлерин арендага берүү, берилген жерлерди максаттуу пайдалануу, көзөмөлгө алуу боюнча жер адистин жүргүзгөн иштери | 2- квартал | Жер маселеси боюнча туруктуу комиссия | Жер адис М.Топчубаев |
5. | Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү, жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет.адис, вет сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2- квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Ветеринардык адис Алымкулов
|
6.
| Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун чектелиши ,аз камсыз үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча комиссиянын жүргүзүп жаткан ишинин абалы | 3-квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Соц.кызматкер Ж.Темирбаева |
7. | Күз-кыш мезгилдерине карата мекемелерди, соц.обьектилерди даярдоо, ремонттолушунун абалы | 3- квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Мектеп, мекеме жетекчилери |
8. | 2018-жыл “Кыргыз Республикасында – аймактарды өнүктүрүү жылында” мекеме ишканаларда аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө | 4 - квартал | Уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Маданият үйүнүн башчысы,мекеме жетекчилери |
9. | Саламаттык сактоо мекемелеринин аткарып жаткан иштеринин абалы, жугуштуу деп аталган оорулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер | 4- квартал | Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссия | Эмкана башчылары |
10. | Билим берүү мекемелеринде билим берүү Мыйзамынын турмушка ашырылышы, олимпиадалык көрсөткүчтөр, окуучуларга шашке тамактын берилиши | 4 - квартал | Уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия | Мектеп жетекчилери |
Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Абдиева