Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 12/1
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол, Осоавиахим айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 18-январындагы № 1,2 протоколдорун бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Ленин-Жол, Осоавиахим айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 18-январындагы № 1, 2 протоколдорунда сунушталган талапкерлер жөнүндөгү жооптуу катчы А.Абдиеванын билдирүүсүнүн негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган Бердишова Гульмирахан Мырзаевна жөнүндөгү Ленин-Жол айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 18-январындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган Жумаева Гүлбурак Алимжановна жөнүндөгү Осоавиахим айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 18-январындагы № 2 протоколу бекитилсин.
3. Ленин-Жол айылынын тургуну Г. Бердишова, Осоавиахим айылынын тургуну Г. Жумаева Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталсын.
4. Токтомду Алай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы жооптуу катчы А. Абдиевага жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |