Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 12/2
Жошолу айыл өкмөтүнүн Осоавиахим айылынын көпүрөсүн жана дарыя жээктерин дамба куруп берүү жагын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен суроо жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Өзгөчө Кырдаалдар турак жай коммуналдык чарбалар боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевдин Осоавиахим, Гердегей айылдарынын элдеринин үлүш жерлерине жана жайыттарына Жошолу дарыясы ташкындаган учурда жана жаан чачындын көп жааган мезгилинде жээгинен ашып, адам өмүрүнө коркунуч алып келгендигин эске алып, дамбаны жана көпүрөнү курулуш эрежелринин инженердик нормалардын сакталышын камсыздап куруу максатында Жошолу айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Осоавиахим айылынын ички чарбалык көпүрөсүн жана Жошолу дарыясынын жээгин бекемдөө үүн 180 метр дамбанын курулушун 2018-жылдын авариялык калыбына келтирүү иш планына киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономикалык саясат муниципалдык менчик жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |