Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 13/1
2017-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө
2017-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндөгү Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы боюнча Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абдырахмановдун отчету кемчиликтерди жана сын-сунуштарды эске алуу менен «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө белгиленгендерди камсыздоо үчүн Ата Мекендик, Чет Элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу үчүн муниципалдык менчикти максаттуу пайдалануу, айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерине жана жамааттын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. К.Турганбаев атындагы орто мектебинин жылуулук системасына адис (специалист) алып келип, аны оңдоо иштерин жүргүзүү айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин уюштуруу укуктук маселелер мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкарууну аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына, айылдык кеңештин төрагасына калтырылсын.
Төрага
З. Боронов