Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 13/2
«Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) төрагасы А.Иманахуновдун отчету жөнүндө
«Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) төрагасы А.Иманахуновдун отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Пакиза суу» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин бир жылдык иши «канааттандырарлык» деп табылсын, коомдук бирикме тарабынан бир топ иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXIX заседаниесинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү №29/3 токтому күчүндө калтырылсын.
3. МТФ участкасынын калкын таза суу менен камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо “Таза Суу” ИСКАКБнын төрагасына, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |