Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 13/3
Жошолу айыл өкмөтүндо жайыт комитетинин иш абалы, жайыт комитетинин торагасынын бир жылдык отчету жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин иш абалын карап, бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасынын бир жылдык иши кемчиликтерди эске алуу менен “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин ишин текшерүү үчүн депутаттар менен биргеликте комиссия түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн бюджети 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин жана жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом, кой-эчкиге 10 (он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 (жүз) сом, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом болуп белгиленсин.
4. Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
5. Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнө милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |