Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 9-февралы № 13/6
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдер үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Жошолу айылдык кенешинин заседаниеси Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Абдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 13 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 01.01.2016-жылдан 31.12.2016-жылга чейинки мезгилдер үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрым кемчиликтерге жол берилгендиги үчүн айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага эскертүү берилсин.
2. Кетирилген кемчиликтер жана төлөмдөр ордуна коюлгандыгы белгиленсин.
3. Мындан ары мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербөө жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |