Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры № 60
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин, 2019-2020-жылга божомол бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин”, КРнын “ЖӨБ” Мыйзамдарынын тиешелүү беренелерине таянып жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылкы бюджети жана 2019-20-жылкы божомол бюджети боюнча айылдык Кеңештин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын эске алып Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын он биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 11952,4 миң сом, чыгаша бөлүгү 11952,4 миң сом деп бекитилсин. 2018-жылга бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1 тиркемеге жана чыгашаларын түзүүчү багыттар №2 тиркемеге жана ага тиркелген разделдер (статьялар) боюнча сметаларга ылайык аныкталсын.
2. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү түшкөн кирешелердин (гранттардын, ж.б. салымдардын) чегинде биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча: эмгек акы, соцфондго которуу, соцжардам, маданий иш чаралар, тамак аш, коммуналдык кызматтарга жана эң зарыл жумуштарга (жашоо коопсуздугу, ичүүчү суу, жылуулукка, ж.б.) каржылануусу белгиленсин.
3. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2019-20-жылга божомол бюджетинин негизги көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилип, 2019-жылга киреше 11831,4 миң сом, 2020-жылга киреше 11744,8 миң сом деп белгиленсин жана аларды так мезгилде кабыл алууда кошумча такталаары белгиленет.
4. Кыргыз Өкмөтүнө тиешелүү кат менен кайрылып, бюджеттин жетишсиз жагын жоюу максатында жогорку баскычтагы бюджеттен теңдөөчү гранттан бөлдүрүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү бюджеттин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке кандай гана себеп болгонуна карабастан алынууга жатпастыгы белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 119,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Атайын каражаттар казына системасын четтеп өтүү менен пайдаланууга тыюу салынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | И. Шайбеков |