САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 14-декабры № 63
2018-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,2 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык «2018-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,2 зоналдык коэффициент жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коеффициентти бекитүү жөнүндө Салам-Алик айыл өкмөтүнүн салык инспектору Термечиков Байыш Рысбаевичтин маалыматын угуп Салам -Алик айыл кеӊешинин 6-шайланган кезексиз 11-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык 2018-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына К3-1,2 зоналдык коэффициенти жана тамарка салыгы боюнча 1,0 зоналдык коэффициенти бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеёешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Шайбеков |