Редакцияот 14.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2017-жылдын 14-декабры № 64

 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатып жаткан майда камокторду тартипке келтирүү жөнүндө

Элдин жана депутаттардын суроо талаптарын эске алып Cалам-Алик айыл кеӊешинин 6-чакырылыш кезексиз 11-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 15-бөлүгүнө ылайык бардык айылдагы спирт ичимдиктерин сатуучу магазиндер,майда күркөлөр кечки саат 22-00 дөн кийин жабылсын.

2.  Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга, участкалык инспекторго тапшырылсын.

3.  Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеӊешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

И. Шайбеков