Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 18-1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020 жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган айыдык бюджети жана 2019-2020- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесинин негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеӊешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган. Ушул каралып чыккан бюджетти Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеӊеши жалпы кеӊеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 19826,4 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылдын бюджетинин кирешесиндеги тамарка салыгынан 270,51 га жер аянтына жеӊилдик берилсин.
Тактап айтканда 843 жаран пенсионер 179,05 га, 381 жаран көп балалуу 57,88 га, 145 жаран мүмкүнчүлүгү чектелгендер 25,11 га, ИИМде иштеп жүрүп каза болгондор 2 жаран 0,37 га , Ата мекен согушунун катышуучусу 2 жаран 0,34 га , Авган согушунун катышуучусу 17 жаран 2,78га , Тажик Авган согушунун катышуучусу 5 жаран 0,77га , Баткен коогалаӊынын катышуучулары 19 жаран 3,08 га, ЧАЭС 6 жаран 1,13га. жер аянтына жеӊилдик берилсин.
3. 2018- жылга тамарка жери бар, бирок үй салынбаган 1510 кожолук таштанды салыгынан бошотулсун.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2018-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2019-жылга 9811,1 миӊ сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 10185,3 миӊ сом менен) жана 2020-жылга 10159,1 миӊ сомго (республикалык бюджеттен алынуучу граннтар 9767,9 миӊ сом менен) бекитилсин. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2019-2020 - жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
5. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекмелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атйын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6. 2018-жылдын 1-январына айылдык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 80,0 миӊ сом суммасында белгиленсин.
7. 2018-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү, киргизүү айылдык Кеӊешке ыйгарылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыӊдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеӊешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |