Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 18-1/1
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018- жылга жергиликтүү бюджетинен айыл чарбасына жана коммуналдык чарбаларга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетин бөлүүдө, айлдык Кеӊештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыккандыгын эске алып, жалпы Кеӊештин караоосунан кийин айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 102-беренесинин 3 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеӊеши жалпы кеӊеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 4764,2 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
- 449740 сом Долбоорлорду даярдаганга
- 250000 сом Айыл аймагына караштуу айылдардын ген планан сыздырууга
- 190400 сом Эпзотикалык абалды туруктуу кармоо үчүн
- 259600 сом Айылдарга дренаж казууга
- 69750 сом Федоров атындагы айылдын Канжыга арыгына 3даана шакекче койгонго
- 13000 сом Жар-Коргон айылындагы Кара Бадал арыгынын башатын селден коргоо боюнча тосмонун курулушуна АПЗ даярдоого
- 51000 сом Жар-Коргон айылына курулуучу кичи футбол аянтчасынын ПСДсына
- 37500 сом Федоров атындагы айылындагы НүКӨКтүн кампасынан күн батышка кеткен жолго труба алуу үчүн.
- 37600 сом Токтогул атындагы мектептин жанындагы жардан өтүүчү көпүрөнү оӊдоого
- 14700 сом Ноокат-Папан жолунун Федоров атындагы айылынын Канжыга арыгына 3 даана шакекче (кольцо) койгонго
- 100000 сом Чеч-Дөбө айылынын ички жолдоруна жана Бак көчөгө шагал төшөөгө
- 55553 сом Жаӊы-Базар, Байыш айылдарынын жаӊы конуштарына шагал төшөөгө
- 93000 сом Кожоке айылынын Надиров көчөсүнө шагал төшөп тегиздөөгө
- 82000 сом Кожоке айылынын жаӊы конуштарынын жолдоруна шагал төшөө
- 95000 сом Кошчан-Арчамазар жолун шагал төшөп тегиздөө үчүн
- 27000 сом Кожоке айылынын Кенжекулов көчөсүндөгү көпүрөнү оӊдоого
- 27000 сом Кожоке айылынын Полотов көчөсүн оӊдоого
- 47000 сом Кожоке айылынын сайдагы көпүрөнү оӊдоого
- 350000 сом Чеч-Дөбө айылынын спорт комплексин толугу менен бүтүрүүгө
- 250000 сом Чеч-Дөбө айылынын Шеркулов көчөсүнө көпүрө куруу үчүн
- 150000 сом Кичик-Алай айылына топозкыркуу,дарылоого камоочу жай куруу үчүн
- 155000 сом Жар-Коргон айылына таза суу топтолуучу резеруар куруунун 22,33 % өздүк салымына
- 26000 сом Жар-Коргон айылына курулуучу кичи футбол аянтчасынын 4,31 % өздүк салымына
- 300000 сом Чеч-Дөбө айылына ветеринардык сервис курууга 19 % өздүк салымына
- 80000 сом Жаӊы-Базар айылындагы айланпага видео көзөмөл коюуга
- 111000 сом Кожоке айылынын Кожоке арыгын кеӊейтүү үчүн
- 144619 сом Жаӊы-Базар айылындагы Алике арыгын тазалап, оӊдоо үчүн 23,0 % пайыз өздүк салымына
- 232500 сом Федоров айылындагы Т.үсөнбаев,Бак, жана Эркебаев көчөлөрүнө мамыча, чубалгы алууга
- 85000 сом Федоров атындагы айылдын Т. Эргешов көчөсүнө мамыча алууга
- 257200 сом Федоров атындагы айылдын борбордук көчөсүн жарыктандырууга
- 190000 сом Федоров атындагы айылдын Асанов көчөсүнө мамыча, чубалгы алууга
- 233000 сом Жар-Коргон айылынын Сетканын ичи жаӊы конушуна электр мамыча жана чубалгы алууга
- 60000 сом Жар-Коргон айылындагы Кара Бадал арыгынын башатын селден коргоо боюнча тосмонун курулушунун өздүк салымына
- 100000 сом Жаӊы –Базар айылынын И.Исабаев көчөсүнө чубалгы жана мамыча алуу
- 56000 сом Жаӊы –Базар айылынын борбордук жолунун жарыктандыруусун толугу менен бүтүрүү
- 84000 сом Кожоке айлындагы көчөсүнө мамыча алуу
2. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыӊдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеӊешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |