Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-декабры № 18-3
USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун алкагындагы «Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча» Жумушчу комиссия» жөнүнддө Жобону бекитип берүү жөнүндө
USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун алкагындагы « Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча» Жумушчу комиссия» жөнүнддө Жобонун негиздерин угуп жана талкуулап чыгыа Н.Исанов атындагы айылдык кенеши депутаттары карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүндө башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча «Жумушчу комиссия» жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндөгү жаныдан түзүлгөн «Жумушчу комиссия» Жобонун негизинде иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
Н.Исанов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-декабрь №XVIII/3 токтомуна №1 тиркеме
Кызмат көрсөтүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаручулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөүнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
Кызмат көрсөтүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаручулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөүнүндө ушул Жобо ( мындан ары-Жобо) Н.Исанов айылдык аймагындагы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиянын (мындан ары Комиссия) ишинин максаттарын, функцияларын дана ыйгарым укуктарын. Аны түзүү тартибин ошондой эле комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.
Комиссия Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
Өз ишинде комиссия Кыргыз Республикасынын констутутциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жергиликтүү жамаанын уставын ошондой эле ушул жобону колдонгмо кылып алат.
2. Комиссиянын максаты
2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана Н.Исанов айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Комиссиясынын максаты болуп эсептелет.
3. Комиссиянын функциялары
3.1 Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын долбоорун (мындан ары-Стратегия) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктолорду киргизүү.
2) Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруунун ар бир этабында маниторинг жана баалоо жүргүзүү.
3) Зарыл богон учурда Стратегияны жана аракеттер планын ишке ашыруу процесссинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн комиссиянын отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.
4) Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун муниципалдык кызмат көрсөтүлөрдүн стандарттарын жана административтик регламенттерин колонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) көмөктөшүү.
5) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешилүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларлы өткөрүгө көмөктөшүү.
6) Стратегияны жана аракеттер планын иштеп чыгуу процессине бардык кызыктар тараптарды тартуу.
7) Өз ишинин жыйынтыктары туралуу жергиликтүү жааматка жылына бери дегенде эки жолу коомдук угуларда отчет тапшыруу.
8) Маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштуу менен коомдук балоо жана маниторинг үчүн милдеттүү болгон комиссиянын иши туралуу маалымат берет.
4. Комиссиянын ыйгарым укуктары
1. Комиссия:
1) Өз отурумдарында кызмат көрсөтүлөргө жана бащшкаручулук маселелеринин натыйжалулугун жогорулатууга байланышкан демилнеолер боюнча комиссичнын мүчөлөрүн ошондлдой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргпндарынын өкүлдөрүн ишкерлерди жана жергиликтүү жааматтын активистерин угат.
2) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн ишкерлерден жана жергиликтүү жааматтын активистеринен Стратегияны жана Аракеттер планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон керектүү маалыматтарды суратып алат.
3) Зарыл болонго учурда тийиштүү ыйгарым укукту мамлекеттик оргоанлдардын өкүлдөрүн тышкы эксперттерди жана башка кызыктар жактарды комиссияныны ишине тартат.
4) Кызмат көрсөтүлөр жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынан сунуштумаларпды берет.
5) Муниципалдык түзүлүштөрдүн кызмат көрсөтүлөр чөйрөсүндөгү оң тажрыйбасын үйрөнүнүү уютурат.
5. Комиссиянын курамы
1. Комиссиянын курамы айыл өкмөт башчынын тескемеси менен бекитилет. Комиссиянын курамына комиссиянын төрагасы, комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын катчысы жана комиссиянын мүчөлүрү кирет. Комиссиянын курамы 7 кишиден кем болбош керек.
2. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Айыл өкмөтүнүн башчысы/башчынын орун басары;
2)Жооптуу катчы;
3) Айылдык кеңештин депутаттары;
4)Айыл өкмөт аппаратынын тийиштүү адистери;
5) Бей өкмөт уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү;
6) Бизнес жааматтын өкүлдөрү;
7) Жергиликтүү жамааттын активичтери;
3. Комиссиянын курамы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) Бир жыныстын өкүлдөрүн-30% кем эмес:
2) Айылдык аймактын чегинде жашаган улуттук азыкчылыктын өкүлдөрүн ошондой эле ден соолугнан мүнкүнчүлүгү чектелүү адамдарды.
4. Комиссиянын төрагасы:
1) Комиссиянын ишин уюштурат
2) Комиссиянын отурумун чакырат жанан өткөрөт.
3) Комиссиянын отуруму өтчүү күндү, убактысын жана ордун аныктайт.
4) Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитет.
5) Комиссиянын тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, коомдук бирикмелердин бизнес жааматтын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүсүн уюштурат:
6) Комиссиянын ишин коомго чагылдырууну уюштурат жана координатциялайт:
7) Комиссиянын отурумун протоколдоруна кол койот.
5. Комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын төрагасы болбогон учурда анын тапшырмасы менен ордун ээлейт жана анын милдеттерин аткарат.
6. Комиссиянын катчысы:
1) Комиссиянын мүчөлөрүнө отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен кезектеги отурум өтчүү күн, убактысы, оорду жана күн тартиби тууралуу маалымат берет.
2) Отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен күн тартибин, ошондой эле зарыл м атериалдарды жана күн тартибине кирген маселелерди чечүү долбоорлорун таратып берүүнү камсыздайт.
3) Комиссиянын кезектеги отурумунун катышуучулары менен жумушка байланыштуу өз ара аркеттенүүнү жүзөгө ашырат жана комиссиянын жетекчиси менен отурумга чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат.
4) Маалымат такталарга жана башка коомдук жайларга жайгащтыруу үчүн комиссиянын иши жөнүндө ыкчам маалымат даярдайт.
5) Отурумдардын протолдорун, коимиссияны жүргүзүү маселелир боюнча башка документтерди жана материалдарды тариздеп , комиссияны мүчөлөрүнө жиберет:
6) Комиссиянын отурумунд жазылган протоколдорду жана башка документтерди үч жыл бою сактайт. Мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөтүнүн архивине өткөрүп берет.
7) Жумушчу топтун мүчөлөрү:
1) Комиссиянын отурумунун күн тартибин түзүү боюнча сунуштарды беришет:
2) Күн тартибиндеги каралчуу маселелер боюнча материлдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат:
3) Комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарын адистеринин жана тышкы эксперттердин талапкерлигин сунушташат;
4) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын, коммдук бирикмелерин, бизнес жамааттардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын карашат:
5) Комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү жана ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок;
6) Комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү жана ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок;
7) Комиссиянын мүчөсү кезектиги отурумга катышпаган учурда каралып жаткан маселелер боюнча өһз пикирин жазуу түрүндө берүгө укуктуу:
6. Комиссиянын курамын өзгөртүү
8. Комиссиянын курамын өзгөртүү туралуу чечим комиссиянын отурумунда комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынан бери дегенде жарымы катышкан учурда кабыл алынат.
9. Мүчөлүктөн чыгарууга тийиш болгон комиссиянын ыктымал мүчөлүрүнүн тизмесин аныктайт. Бул тизмени талкулайт жана ар бир талапкер боюнча өз өзүнчө добуш берет.
10. Комиссиянын курамына кошулушу керек болгон комиссиянын ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкулайт жана ар бир талапкер боюнча өз өзүнчө добуш берет.
11. Комиссиянын курамында өзгөрүлөр тууралуу чечим комиссиянын отурумунун протоколу менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коюшат.
12. Комиссиянын курамын өзгөртүү туралуу комиссиянын отурумунун протоколу айыл өкмөтүнө берилет, анын негизинде айыл өкмөт башчы комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат.
7. Комиссиянын отурумдарын өткөрүү жана чечим кбыл алуу тартиби
13. Комиссиянын отуруму зарылчылыккак жараша бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
14. Комиссиянын отурумдары ачык жана айкын өтөт
15. Комиссиянын отурумуна анын мүчөлүрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда укуту болуп эсептелет.
16. Комиссиянын чечимдери отурумга катышкан комиссия мүчөлүрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
17.Эгерде комиссиянын мүчөсү чечимге макул болбосо, анда ал өзгөчө пикирин жазуу түорүндө баяндапр берет жана аны отурум өткөн күндөн кийин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен комиссиянын ктчысына жиберет. Комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикири отурумдун протоколуна тиркелет.
18.Добуштар теңме тең болгон учурда комиссиянын отурумда төрагалык кылуучунун добушу чечүү болот.
19.Комиссиянны отурмлдарында кабыл алынан чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучу жана комиссиянын катчысы кол коюшат.
20. Комиссиянын ишин уюштуруучулук техникалык жактан камсыздоону айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
8. Корутунду бөлүм
21. Ушул Жобо аны бекиткен учурдан баштап күчүнө кирет жана аны жокко чыгапрганга чейин өзгөртүп жана алмаштырганга чейин күчүндө болот.