Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 19-2
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдыктын 2018-жылга аткарылышы жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык акча каражатын 2018-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 2618,9 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 159,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2018-жылга калган калдык акча каражаттан аппарат кызматкерлерине КР Өкмөтүнүн № 131 токтомунун 4 пункутунун негизинде 2 айлык үстөк акча каражаты жана калган акча каражаттарын чыгашалары боюнча багыттар № 1тиркемеге ылайык берилсин.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |