Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-февралы № 19-2/1
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык акча каражатынан жүктөөчү трактордун өздүк салымына берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык акча каражатын 2018-жылга иштетүү боюнча Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин
«Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 44-беренесинин 4 пунктуна ылайык Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык акча каражатынан Жайыт комитетине АРИС тарабынан алынуучу 3472,0 миң сомдук жүктөөчү трактордун өздүк салымына жалпы элдик жыйынын 10.12.2017-жылдагы №5 протоколундагы токтомдун негизинде 868,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жүктөөчү тракторду алып келингенден кийин айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |