Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 17/1
Кара-Суу шаар мэринин Кара-Суу шаарынын 2017-жылдын алты айында аткарган иштери жөнүндө
Кара-Суу шаар мэринин 2017-жылдын алты айында аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаар мэри З.Тургунбаевдин 2017-жылдын алты айында аткарган иштери «Канаатандыраарлык» деп табылсын.
2. Кара-Суу шаарындагы жайгашкан почта бөлүмүн баланстан алуу боюнча Кара-Суу шаардык кенешинин жер комитети кайрадан карап чыгып маселени мыйзам чегинде чечүү жүктөлсүн.
3. 2017-жылдын аткарылбай калып кеткен иштердин Панфилов көчөсүнө латокторду коюу үчүн 70,0 (жетимиш мин) сом акча каражатын бөлүп берсин.
4. Кара-Суу шаарындагы №2 Мөлтүр-Булак балдар бакчасына инвентар алуу үчүн 170 000 акча каражаты бөлүнсүн.
5. Кара-Суу шаарындагы №4 Айданек балдар бакчасына инвентар алуу үчүн 184 600 акча каражаты,жайкы курулуш иштерине(жайкы беседка)300 000 сом бөлүнсүн.
6. Манас стадионунун шайлоого карата дардыктар үчүн 100,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн.
7. Кара-Суу шаардык кенешинин кабинеттеринин терезелерин алмаштырууга жана стол стулдарды алууга жалпы суммасы 80 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |