Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 17/2
Кара-Суу шаарындагы алты айында шаар мэриясынын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэринин 2017-жылдын алты айында аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаар мэриясынын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төмөндөгүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин:
- Кара-Суу шаарындагы Темир-Жолу көчөсүн асфальтоого сметалык баасы 922 443 (тогуз жүз жыйырма эки мин төрт жүз кырк үч) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Кара-Суу шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүн асфальтоого сметалык баасы 1 097 475 (бир милион токсон жети мин төрт жүз жетимиш беш) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Мөлтүр-Булак балдар бакчасынын имаратынын өрт коопсуздугу боюнча кошмча чыгуу үчүн колдонулуучу шатынын ремонтуна 270,0 (эки жүз жетимиш мин) сом, бала-бакчанын жайкы тамак бышыруу ашкананын ремонтуна 200,0 (эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
- Манас орто мектебинин кире бериш жерин ремотуна 400,0 (төрт жүз мин) сом бөлүнсүн.
- Х.Турсунов орто мектебине жаны ачылган кыргыз классына жаны окуу жылына эмеректерди алууга 50,0 (элүү мин) сом бөлүнсүн
- Таза суу скважинанын ижара акысына 30 000 (отуз мин) сом бөлүнсүн.
- Кара-Суу шаарынын Бакалея көчөсүнө тартылуучу кабельге 100 000 (бир жүз мин) сом, Долончек участкасына столба тартууга 60000 (алтымыш мин) сом, акча каражатын бөлүп берилсин.
- Манас орто мектебинин спорт аянтчасын ондоо жөнүндөгү сметада футболдук аянтчага дарбазанын, баскетболдук аянтка коюлуучу темир жол конструкциясынын жана волейболдук аянттын артындагы тренажор коюучу 280 чарчы метр жерге басыла турган брусчатканын жалпысынан 302 000 сомдук акча каражаты бөлүнсүн.
- Кара-Суу шаарындагы Пионерская көчөсүнө 13 даана, Темир-Жолу көчөсүнө 4 даана түнкү жарык жалпы суммасы 120 000 (бир жүз жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Кара-Суу шаарындагы Долнчек жана Кенеш көчөсүнө 5 даана столба, 1200 м А35 чубалгы, 7 даана конструкция, 40 даана изолятор, 1 даана түнкү жарыткыч демонтаж монтаж иштерине жалпысынан болуп 122 000 (бир жүз жыйырма эки мин) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Бобур ашканасын ремонттоого жергиликтүү бюджеттен 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Арашан кичи шаарчасына таза суу тартуу үчүн 60 000 (алтымыш мин) сом, түнкү жарыктарга 50 000 (элүү мин) сом, ички көчөлөргө шагыл төгүү үчүн 50 000 (элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берилсин.
- Кара-Суу шаарындагы Ленин орто мектебинин курулган теплицага кошумча жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз мин) сом, №4 Айданек балдар бакчасына 220 400 (эки жүз жыйырма мин төрт жүз) сом, №2 Мөлтүр Булак балдар бакчасына 210 000 (эки жүз он мин сом) сом, эмгек майданы гезитине 20 000 (жыйырма мин) сом, ички көчөлөргө зебрага 50 000 (элүү мин) сом бөлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын шаардык кенештин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |