Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 17/4
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө укутук консультация жана түшүндүрмө түрүндө жана жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте консультациялык-укуктук жардам берүү максатында Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында “Ош жаштары медиа борборун” коомдук фонду “Сорос-Кыргызстан” Фондунун Укуктук Программасынын, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин менен Кара-Суу шаар мэриясынын имаратында Кара-Суу шаары үчүн коомдук кабылдама ачылып, МКЮЖ берүү боюнча эки юрист-кызмткерлер тартылып, 2018-жылдын январь айынан бюджетинде каралсын жана бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара - Суу шаардык кенешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |