Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 17/5
Куурап калган дарактарды кыйып салуу жөнүндө
Кара-Суу шаарындагы куурап калган дарактарды кыйып салып ордуна жаныдан жаш көчөттөрдү отургузуу максатында Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын тургундарынын арызынын негизинде шаардагы коркунуч жаратып жаткан куурап калган дарактарды кыйып салып ордуна жаныдан жаш көчөттөрдү отургузулсун.
2. Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун арызынын негизинде имарат куруу үчүн тоскоолдук жаратып жаткан 3 (үч) түп дарактын көчөттөрүн жана 7 (жети) түп арчанын жаш көчөттөрүн башка жерге которуп отургузулсун.
3. Куурап калган дарактарды кыйуу, жаш көчөттөрдү башка жакка которуп отургузуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеӊешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак-жай, жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |