Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 17/6
Кара-Суу шаардык архитектура башкармалыгына Кара-Суу шаарынын Завод көчөсүнөн 300,0 м2 жер аянтын ажыратып берүү жана Кара-Суу шаар тургундарына Сары-Колот участкасынан жер тилкесин турак жай куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык архитектура башкармалыгына Кара-Суу шаарынын Завод көчөсүнөн жер аянтын ажыратып берүү жана Сары-Колот участкасынан жер тилкесин турак жай куруу үчүн ажыратып берүү максатында Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеӊешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак-жай, жер маселери боюнча туруктуу комиссиясынын протколунун негизинде Кара-Суу шаардык архитектура башкармалыгына Кара-Суу шаарынын Завод көчөсүнөн 300,0 м2 жерге имарат салуу үчүн жер аянтын ажыратып берилсин.
2. Ош областтык эл депутаттарынын Кара-Суу райондук Советинин Аткаруу комитетинин 1987-жылдын 18-июлундагы №235 чечими менен Курбан-Кара участкасынан 5 га жер аянты 0,06 га Кара-Суу шаарынын тургундарына жер участогун турак жай куруу үчүн даярдалган (Мирный кичи шаарчасы) ген план боюнча берүү үчүн комиссия түзүлсүн.
3. Мирный кичи шаарчасына даярдалган ген пландын корректировкасы үчүн кетүүчү чыгымдары төлөнүп берилсин.
4. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеӊешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак-жай, жер маселери боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |