Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 17/7
Кара-Суу шаарынын 2017-жылга каралган бюджетинин кирешелеринин аткарылуусунун жыйынтыгы менен шаардын керектөөлөрүнө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнө Кара-Суу шаарынын 2017-жылга каралган бюджетинин 9 айдагы кирешелеринин аткарылуусунун жыйынтыгы менен алдын ала акча каражатын бөлүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментине кошумча штат бирдигин берүү максатында Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын Г.Айтиев, МЭЗ көчөлөрүнүн кесилишинен темир жолго чейин шагал төшөөгө, Долон-Чек көчөсүн, Султан-Абад участкасындагы көрүстөндүн көчөсүн оӊдоого жалпысы 200,0 миӊ сом, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Суу шаарынын Панфилов көчөсүнүн оӊдоп түзөө иштерине сметада аралган 133,4 миӊ сомдун 70,0 миӊ сому 6 айдын жыйынтыгы менен бөлүнүп берилген, 9 айдын жыйынтыгы менен калган 60,0 миӊ сому бөлүнүп берилсин.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментине убактылуу 6 айга, кошумча 1(бир) адис штат бирдиги берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын шаардык кенештин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |