Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-сентябры № 1/3
Кара-Суу шаардык кеӊешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынына Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кенеши жаны регламент кабыл алынгандыгына байланыштуу Кара-Суу шаардык кеӊешинин регламенти нормативдик укуктук акт катары кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. Ош шаардык жана облустук Юстиция башкармасынан Кара-Суу шаардык кенешинин регламентин юридикалык жактан кайра каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы (Н. Кочкорбаевге) тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |
Кара-Суу шаардык кеӊешинин 19.09.2017-ж.
№ 1/3 токтому менен бекитилген
Кара-Суу шаардык кеӊешинин Регламенти
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-глава. Кара-Суу шаардык кеӊеши
2-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин компетенциясы
II Бөлүм. Кара-Суу шаардык кеӊешинин түзүмү жана органдары
3-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы
4-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары
5-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы
6-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III Бөлүм. Депутаттык фракциялар
7-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
8-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
9-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
IV Бөлүм. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ишинин жалпы тартиби
10-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин биринчи сессиясы
11-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ишин пландоо
12-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
13-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессияларын өткөрүү тартиби
14- глава. Депутаттык мандат
15-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
16-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
17-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ченемдик укуктук актылары.
V. БөлүмКара-Суу шаардык кеӊешинин регламенти
18-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
I Бөлүм. Жалпы жоболор
1-глава. Кара-Суу шаардык кеӊеши
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кара-Суу шаардык кеӊеши Кара-Суу шаарынын өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Кара-Суу шаардык кеӊеши сессиялык иштеген, Кара-Суу шаарынын аймагында жашаган жарандар жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат.
1.2. Кара-Суу шаардык кеӊеши Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, бул чечимдердин иш жүзүнө ашырылышына контрол жүргүзөт жана юридикалык жак статуска ээ.
1.3. Кара-Суу шаардык кеӊешинин анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими Кара-Суу шаарынын аймагында жайгашкан баардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик түрүнө карабастан алардын бирикмелеринин, шаардык өз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу үчүн сөзсүз.
1.4. Кара-Суу шаардык кеӊешинин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, Кара-Суу шаарынын Уставы жана ушул регламент менен аныкталат. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү - сессия болуп саналат.
1.5. Кара-Суу шаардык кеӊешинин регламенти шаардык кеӊештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык кеӊештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Кара-Суу шаардык кеӊешинин иши мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, обөективтүүлүк, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессиялары ачык өткөрүлөт.
1.7. Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
1.8. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Кара-Суу шаары, Завод көчөсү - 2.
1.9. Мамлекеттик тилдеги аталышы: Кара-Суу шаардык кеӊеши.
Расмий тилдеги аталышы: Кара-Суйский городской кенеш.
2-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин компетенциясы
2.1. Кара-Суу шаардык кеӊеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо.
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо.
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обөектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу. 6)жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
18) Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо;
19) Кара-Суу шаарынын мэрин шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
20) мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктык базалык ставкалардын чегинде Кара-Суу шаарынын жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.
II Бөлүм. Кара-Суу шаардык кеӊешинин түзүмү жана органдары
3-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы
3.1. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен Кара-Суу шаардык кеӊешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугуна көпчүлүктүн фракциясынын же көпчүлүктүн коалициясынын депутаттары ээ.
Шаардык кеӊештин төрагасы эгер ага Кара-Суу шаардык кеӊешинин жалпы депутаттарынын ичинен көпчүлүк депутаттар добуш берсе, ал шайланды деп эсептелинет.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын шайланышы тууралуу Кара-Суу шаардык кеӊешинин токтому кабыл алынат.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же Кара-Суу шаардык кеӊешинин фракциясынын демилгеси боюнча, Кара-Суу шаардык кеӊешинин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы:
- шаардык кеӊештин сессиясын чакырат жана алардын отурумун өткөрөт.
- шаардык кеӊештин сессиясын жана шаардык кеӊештин сессиясында каралуучу маселелердидаярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- шаардык кеӊештин токтомуна кол коет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- шаардык кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- шаардык кеӊештин аппатарынын ишин контролдойт;
- шаардык кеӊештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык кеӊештин жана анын органдарынын иши жөнүндө коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алышын камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе Кара-Суу шаардык кеӊешин сунуштайт;
- шаардык кеӊештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
- Кара-Суу шаардык кеӊешине бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеӊештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессиясында кароого берет;
- бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеӊештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекиткен чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кетиши тууралуу жазуу түрүндөгү кеӊири отчету кароого берет;
Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессиясына отчет берет.
4-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары
4.1. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары шаардык кеӊештин төрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Кара-Суу шаардык кеӊешинин депутаттарынын ичинен көпчүлүк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт.
Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басарынын шайланышы тууралуу Кара-Суу шаардык кеӊешинин токтому кабыл алынат.
4.2. Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары:
- шаардык кеӊештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордунда иштейт.
- депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет;
Шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеӊештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
5-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы
Кара-Суу шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчы:
5.1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт;
5.2. Шаардык кеӊештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;
5.3. Шаардык кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет;
5.4. Шаардык кеӊешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана контролдойт;
5.5. Шаардык кеӊештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеӊештин депутаттарына жеткирүүнү контролдойт.
5.6. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдарын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
5.7. Шаардык кеӊештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну котролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
5.8. Кара-Суу шаардык кеӊешинин аппаратынын ишин уюштурат.
6-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Кара-Суу шаардык кеӊешинин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык кеӊештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеӊештин чечимдерин ишке ашырууга катышу жана аларды аткарууну контролдоо учун убактылуу коммиссияларды калыптантат.
6.2 Туруктуу комиссиялар Кара-Суу шаардык кеӊеши менен Кара-Суу шаардык кеӊешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө калыптанат. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеӊеш менен аныкталат. Шаардык кеӊештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаӊы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жое алат жана кайра түзө алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Шаардык кеӊештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирде укукка ээ.
Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеӊештин төрагасы жана шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өзүлөрүнүн курамынан төраганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт, аларды шаардык кеӊеш ачык добш берүү менен бекитет. Комиссиялардын төрагасы, төраганын орун басары эгер шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелинет.
Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, обьективдүүлүк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.
6.3 Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеӊештин алдыда жооптуу жана ага баш ийет.
6.4 Шаардык кеӊеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу жэ изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык кеӊештин туруктуу комиссия үчүн белгиленген тартипке ылайык өз ишин жүргүзөт.
III Бөлүм. Депутаттык фракциялар
7-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7.1. Шаардык кеӊештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
7.2. Депутаттык фракция (мындан ары фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык кеӊеш тарабынан каттоого алынат.
7.3. Фракция анын түзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана орун басарынын аты - жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
7.4. Фракциянын иши төмөнкү учурда токтотулат:
- шаардык кеӊештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеӊештин өзүн-өзү таркатышында.
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кеӊештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.
7.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
- фракцияны шаардык кеӊеште жана анын сыртында сунуштайт;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимине кол коет;
- фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча шаардык кеӊештин органына кандидаттарды сунуштайт;
- фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча сессияда талкуулаган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт;
- фракциянын шаардык кеӊештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
- катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;
- фракциянын мүчөлөрүнүн шаардык кеӊештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеӊештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.
8-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
8.1. Фракция укуктуу:
- шаардык кеӊеште каралган маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
- башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
- шаардык кеӊештин төрагасына шаардык кеӊештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- фракциянын отурумуна кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеӊешүүгө;
- шаардык кеӊештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардык кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
- өзүнчө маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардык кеӊештин сессияларында протоколго киргизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө ойун берүүгө;
- фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык кеӊештин сайтында жарыялоого;
- фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
8.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары – коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси көрсөтөт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.
8.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык кеӊештин көпчүлүк же шаардык кеӊештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн булл жөнүндө шаардык кеӊештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
8.4. Коалициялык келишимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
- коалициянын ишинин принциптери;
- коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
- коалициянын ишин токтотуу шарттары;
- коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракцияларынын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
8.9. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот:
- фракция же фракциялар андан чыкандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеӊештин көпчүлүк статусу жоюлат;
- Коалицияны таркатууда
9-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси
Шайлоочулардын суроо-талаптары
9.1. Шаардык кеӊештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
9.2. Кара-Суу шаардык кеӊеши белгиленген тартипке ылайык Кара-Суу шаардык кеӊешинин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кеӊештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
9.3. Шаардык кеӊештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракциларга, депутаттарга суро-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
9.4. Шаардык кеӊештин фракциялары мезгил - мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеӊеш жэ анын органы маалымдайт.
9.5. Кара-Суу шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеӊеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдарды менен өз убагында камыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
9.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеӊештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеӊештин сессиясына кароого берилет.
9.7. Шаардык кеӊештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токмтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеӊештин сессиясы кээ бир суро-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
9.8. Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
9.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну Кара-Суу шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеӊештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
9.10. Шайлоочулардын суроо-талаптыраны ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык кеӊештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суро-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берет.
Шаардык кеӊештин фракцияларынын жетекчилери шайлочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.
IV Бөлүм. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ишинин жалпы тартиби
10-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин биринчи сессиясы
10.1. Шаардык кеӊештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили шаардык кеӊештин ушул регламенти менен аныкталат.
10.2. Жаӊы шайланган шаардык кеӊештин биринчи сессиясы шаардык кеӊештин депутаттарынын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес чакырылыштагы шаардык кеӊештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеӊештин биринчи сессиясын шаардык кеӊештин депутаттарынын жашы боюнча эӊ улуусу ачат. Шаардын кеӊештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кара-Суу шаардык кеӊешинин Регламенттин бекитүү, кеӊештин төрагасынын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеӊештин ишин уюшутуруунун башка манилүү маселелери кирет.
10.3. Шаардык кеӊештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
11-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ишин пландоо
11.1. Шаардык кеӊештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеӊештин иш планын даярдоо кеӊештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
11.2. Шаардык кеӊештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык кеӊештин депутаты, шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэрии укуктуу.
Шаардык кеӊештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаӊы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салу шаардык кеӊештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
11.3. Шаардык кеӊештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык кеӊештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеӊешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
12-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
12.1. Шаардык кеӊешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык кеӊештин мурун кабыл алыган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо ката тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
- шаардык кеӊештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеӊештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстары алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуулар тиийштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме.)
12.2. Шаардык кеӊештин токтом долбоору шаардык кеӊештин аппараты тарабынан шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардын кеӊештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкулоону шаардык кеӊештин бир бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
12.3. Шаардык кеӊештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жоболору:
- баяндама , азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
- баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
- талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз ;
- баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
- добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;
- документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
- негиз катары кабыл алынган документке оӊдоолорду киргизүү;
- документти толук кабыл алуу үчүн боюнча добуш берүү.
12.4. Токтом долбоорун шаардык кеӊеште кароодо анын негизги жоболору, анын кабыл алуунун зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун коцепциясына жалпы баар берилет.
12.5. Шаарды кеӊештин төрагасы, шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары, шаардын мэрии алдын ала жазылба утуруп, кезексиз сөз сүйлөөгө укугуна ээ.
12.6 Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүн күн тартибиндеги маселелерге жооп беришин, сөз сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
12.7. Жарыш сөздөн кийин баяндамачы жана кошумча баядамачы жыйынтыктоочу сөзгө укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негизги катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеӊештин сессиясында билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеӊеш протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюууга укуктуу.
12.8 Шаардык кеӊештин сеесиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чеийн ( анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар шаардык кеӊештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө жэ оозеки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздөр токтотулат. Сессияда документтин долбоорун ун үстүндө андан аркы иштердин тартиби белгиленет.
12.9. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеӊеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
1) токтом долбоорун кабыл алуу;
2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.
12.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюлуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеӊештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеӊеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
12.11. Токтомдо анны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, тактап айтканда:
1) мөөнөттөр такталат жана пункттары же токтомду толу кишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
2) мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктк актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
12.12. Шаардык кеӊештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык кеӊештин түзүмдүк калыптануусу) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун деӊгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун соттартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеӊеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) же шаардык кеӊештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
12.13. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык кеӊеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
- аткарылган катары токтомдун кээ бир пункттарын контролдон алып салууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
- токтомду жокко чыгарууга;
- кошумча токтом кабыл алууга.
12.15. Сессиянын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеӊештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
- шаардык кеӊешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
- сессиянын күн тартибини маселеси жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жөнү;
- сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
- добуш берүүнүн жыйынтыгы;
- сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардыншайлоо округун көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
12.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде жол жоболоштурулат жана шаардык кеӊештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеӊештин сессиянын токтомдорун жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
12.17. Протоколдун түп нускасы шаардык кеӊештин аппаратынын жооптуу катчысына сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
12.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеӊештин аппаратында сакталат.
Негиз кылып алынган документтердин долбоорлорунун түп нускасы жана ага киргизилген өзгөртүүлөр Кара-Суу шаардык кеӊешинде сакталат.
12.19. Документ кабыл алынгандан кийин Кара-Суу шаардык кеӊешинин кызматкерлери тарабынан документтин долбоорунун аткаруучусу менен биргеликте документтин долбоорун бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат. Каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттардын визасынан кийин шаардык кеӊештин сессиясынын токтому шаардык кеӊештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
12.20. Шаардык кеӊештин сессиясында кабыл алынган укуктук-ченемдик актылар кабыл алынгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шаардык кеӊештин аппараты тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаардын мэрине, документтин жооптуу аткаруучусу түзгөн тизмеге ылайык жана башкаларга жөнөтүлөт.
13-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессияларын өткөрүү тартиби
13.1. Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессиясы шаардык кеӊештин төрагасы тарабынан кварталына, кеминде бир жолу чакырылат. Сессиянын чакырылышы туралуу маалымат депутаттарга бир жума мурун жеткирилет. Жергиликтүү кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Сессияда карала турган маселелер инициаторлор тарабынан сессиянын башталышына 20 күндөн кеч эмес билдирилет.
Белгиленген мөөнөттө чакырыла турган Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессияларынан сырткары кезексиз сессиялар да өткөрүлүшү мүмкүн.
Сессияда карала турган маселелер шаардык кеӊештин төрагасы, туруктуу комиссия, фрациялар, шаардын мэри тарабынан киргизилиши мүмкүн.
Шаардык кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
13.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат. 13.3. Шаардык кеӊештин аппаратынын кызматкерлери шаардык кеӊештин сессиясынын ишин уюштуруучулук - техникалык жактан камсыз кылат:
- кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелердин документтеринин долбоорлору жана башка керектүү малымааттар менен депутаттарды сессиянын башталышына 10 күн калганга чейин камсыз кылышат, анын ичинде шаардык кеӊештин маалыматтык системасы аркылуу.
-сессияга даярдоо маселелеринде жардам көрсөтөт, анын ичинде шаардык кеӊештин депутаттарынын заманбап өз ара мамилесин уюштуруу жолу менен;
- шаардык кеӊештин депутаттарынын сунушу боюнча сессияда каралуучу маселелерди талкуулоого зарыл болгон жактарды шаардык кеӊештин сессиясына чакырат;
- депутаттарды каттоо жүргүзөт;
- төрагалыкка сессияны өткөрүүгө жардам берет;
- шаардык кеӊеш кабыл алган документтерди жол жоболоштурат жана аларды чыгарат;
13.4. Шаардык кеӊештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеӊештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы менен гана жүргүзүлөт.
13.5. Шаардык кеӊештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчө маселерин кароо) жабык өтүшү мүмкүн. булл учурда ( күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеӊештин сессиясынын жабык сессияларды өткөрүү жөнүндө (күн тартибинин маселерин жабык кароо) чечимине ылайык өткөрүлөт.
13.6. Сессияга катышкан шаардык кеӊештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
13.7. Бир жылдын ичинде жүйөөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеӊештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеӊештин сессияларын бир жылдын ичинде жүйөөлүү себептерсиз дайыма калтырганы, ошондой эле шаардык кеӊештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн кеӊештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеӊештин депутатын чакыртып алуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык кеӊештин сессиясын калтыруунун жүйөөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөөлүү себептер эсептелинет.
13.8. Шаардык кеӊештин протоколдук чечими менен шаардык кеӊештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.
13.9. Шаардык кеӊештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
13.10. Шаардык кеӊештин төрагасы шаардык кеӊештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеӊештин кезектеги сессиясынын күн тартибин долбоору депутаттарга таркатылат.
13.11. Шаардык кеӊештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык кеӊештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык кеӊештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Мунун менен бирге шаардык кеӊештин аппараты шаардык кеӊештин кезектеги сессиясына он күн калганда кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезетеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кроо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттооо жүргүзүүдө таратылат.
13.12. Шаардык кеӊештин сессиясын сессияда төрагалык кылган алып барат. Сессиядагы төрагалык кылган шаардык кеӊештин төрагасы болуп саналат. Ал жогунда сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары тапшырган же шаардык кеӊештин протоколдук чечими менен башка депутат (өзүнөн өзү баш тартпаган) төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
13.13. Шаардык кеӊештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
- эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүшү-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
- шаардык кеӊештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоого чакырууга;
- депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
- пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;
- депутатты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеӊешке сунуштоого;
- сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
13.14. Шаардык кеӊештин сессиясынын учурунда төрагалыктын уруксатсыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
13.15. Шаардык кеӊештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
- сессияда депутаттардын укукгун сактоону камсыздоого;
- сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоону;
- сөз сүйлөөгө реглменттин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү тууралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
- бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
- кезеги менен сөз берүүгө;
- сессиянын өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюууга, анын ичинде өзүнн альтернативалуу сунуштарын,
- сессиянын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
- эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
- аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жектектөөгө.
14-глава. Депутаттык мандат
1. Депутаттык мандат төш белги жана борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
2. Депутаттык мандаты колдонуу төмөндөгүдөй төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн.
1) Туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) Депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырган;
3) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамында каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) Депутаттык мандаты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылган);
5) Депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) Депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) Жыл ичинде кеӊештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаганда;
8) Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) Кеӊеш таркатылганда.
15-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
15.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык кеӊештин депуттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
- отурумда катышкандардын саны – добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеӊештин депутаттарынын саны.
15.2. Шаардык кеӊеш чечимдерди сессияда ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү тууралуу шаардык кеӊештин чечими шаардык кеӊештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеӊештин отурумунун протоколуна киргизилет.
15.3. Бир маселе боючан добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул» «Каршы» же Чечим кабыл алууда калыс калуу» берүү менен шаардык кеӊештин депутаты бир добушка ээ.
15.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет.
Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык добуш берүүнү шаардык кеӊештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырылат.
15.5. Жашырын добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүрүзүлөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеӊеш шаардык кеӊештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык кеӊештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеӊештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жко кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду. Аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссия тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
15.6. Шаардык кеӊештин ар бир депутатына анын депутаттык күбөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашырын добуш берүү үчүн бир бюллетен берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюулууга тийиш.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетен эсептөө комиссиясы печаттаган атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашырын оюун билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын ойу аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөдө бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.
Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ага эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү менен кол коюлат. Эсептөө коммисиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы Кара-Суу шаардык кеӊешинин токтому менен жол жоболоштурулат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы саныны көпүлүк добуштун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
15.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башка тартип каралбаса.
15.8.Добушка коюулуучу сунуштар жана оӊдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат.
16-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
16.1. Шаардык кеӊештин сеесияларында протокол жүргүзүлөт. Ссессиялардын отурумдардын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеӊештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык кеӊештин отурумдарынын протоколдоруна төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумду өткөрүү датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; булл сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын төрагалыгынын жана сөз суйлөөчүлөрдн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протокол сессиянын отурумунун төрагалыгы менен кол коюлат.
16.2. Шаардык кеӊештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык кеӊештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдердин кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эл сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду; күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырыш керек.
17-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин ченемдик укуктук актылары
17.1. Шаардык кеӊештин ченемдик укутук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
17.2. Шаардык кеӊештин токтомдору сессияда шаардык кеӊештин депутаттарынын жалпы санын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
17.3. Шаардык кеӊештин токтомдору шаардык кеӊештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеӊештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык кеӊештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары кол коет.
17.4. Шаардык кеӊештин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурултат.
V Бөлүм. Кара-Суу шаардык кеӊешинин регламенти
18-глава. Кара-Суу шаардык кеӊешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
18.1. Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген Кара-Суу шаардык кеӊешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды шаардык кеӊештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
18.2. Шаардык кеӊештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеӊештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеӊештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеӊештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
18.3. Шаардык кеӊештин Регламенттин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.