Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-ноябры № 3/1
Кара-Суу шаар мэринин Кара-Суу шаарынын 2017-жылдын тогуз айында аткарган иштери жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2017-жылдын тогуз айында аткарган иштерин угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэри З.Тургунбаевдин 2017 - жылдын тогуз айында аткарган иштери «Канаатандырарлык» деп табылсын.
2. Кара-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетинин кереше, чыгаша бөлүгүнүн планын 2017-жылдын 9 айында аткаруудагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Ысмановдун иштери «Канаатандырарлык» деп табылсын.
3. Кара-Суу шаар мэриясынын жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
1.Ш.Осмоналиев – Кара-Суу шаарынын вице-мэри – комиссиянын төрагасы,
2.С.Исмаилов -Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору – комиссянын төрагасынын орун басары,
3. А. Абдишов- Кара-Суу шаар мэриясынын юристи,- комиссянын мүчөсү,
4. З. Мамытов-Кара-Суу шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы- комиссянын мүчөсү,
5. М. Абакулов- комиссянын мүчөсү,
6. И. Чырмашев-шаардык кенештин депутаты,- комиссянын мүчөсү,
7. М. Исаков -шаардык кенештин депутаты,- комиссянын мүчөсү,
8. Б. Маматоморов-шаардык кенештин депутаты,- комиссянын мүчөсү,
9. Ш.Турсуналиев-шаардык кенештин депутаты,- комиссянын мүчөсү.
4.Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан сунушталган “Кара-Суу шаарынын 2018-2022-жылдырга социалдык – экономикалык өнүгүү стратегиясы” долбоору бекитилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышы шаардык кенештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |