Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеӊеш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабры № 8-3

 Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата штаттык түзүмү: башчы-1, орун басар-1орун, жооптуу катчы-1, ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-4, жетектөөчү адис-4, адис-2, айыл башчы-4, ВУС-4, кенже жана техникалык тейлөөчү -2 болуп бардыгы 24 штаттык саны бекитилсин.

2.    Юристин милдетин аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн маалымат комуникациялык технологиялар жана кадрлар боюнча башкы адиси Осмонов Муктарбекке кошумча функционалдык милдет катары жүктөлсүн.

3.    Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.

 

Төрага

 

Абдибает уулу М.