Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 32-3
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылын «Чычкан-короо» жана «Чопон-ата» массивдеринде жайгашкан сугат айдоо жерлеринин эсебине кирген бирок суу жеткирүү тизиминин эффективдуулугу төмөн болгондуктан аталган жерлерди сугат айдоо түрүнөн, кайрак айдоо түрүнө которуу жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин эффективдуулугун арттыруу жана жер фондунун пайдалануунун максаттуулугун камсыз кулуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1- бөлүмүнүн №2,15-бөлүмчөлөрүнүн, Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо жана өнөр жай, кайра иштетүү боюнча комиссияссынын жана айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссиянын 2016- жылдын 24-октябрында өткөрүлгөн кошмо отурумунун № 4протоколунун талаптарына таянып А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3гл. 18-беренесинин 1- бөлүмүнүн №2,15-бөлүмчөлөрүнүн, Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын айыл чарба жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо жана өнөр жай,кайра иштетүү боюнча комиссияссынын жана айыл аймагынын жер фондунун инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссиянын 2016- жылдын 24-октябрында өткөрүлгөн кошмо отурумунун № 4протоколунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылын «Чычкан-короо» массивинде жайгашкан 3,7га жана «Чопон-ата» массивинде 17,6га. жайгашкан сугат айдоо жерлеринин эсебине кирген бирок суу жеткирүү тизими табыгый кырсыктардын кесепетинен жана жайгашкан жеринин шартынан, аталган жерлердин сугат суу менен стабилдуу камсыздоо мумкун болбогондуктан аталган жерлер сугат айдоо түрүнөн кайрак айдоо жерлер түрүнө которулсун.
3. Токтомдун мыйзам негизинде аткарылышы Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүтнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
4. Жогорудагы жерлердин мыйзам негизинде сугат айдоо түрүнөн кайрак айдоо түрүнө которууда мыйзам негизинде корутунду берүүсү, жер эсептоо иш кагаздарына өзгөртүүлөр киргизуу жагы «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасына сунушталсын.
5. Аталган жер аянттарынын жерге жайгаштыруу жана жер эсептоо ишкагаздарына өзгөртүүлөр киргизип каттап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө болго укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
6. Ушул токтомдун бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |