Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 8-5
Жайыт комитетинин сунуштарын кароо жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековдун айыл аймагында АРИСтин мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке аша турган “Беккер чункуру”, мал жандыктар суу ичүүчү ноо жасоо жана жайлоонун жолундагы үнкүр-мазарга тосмо куруу тууралуу сунушун карап жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 1-пунктунун 1, 13, 15-пунктчаларына жана 4-главасынын 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Карыбековдун айыл аймагында АРИСтин мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке ашырыла турган “Беккер чункуру”, мал жандыктар суу ичүүчү ноо жасоо жана жайлоонун жолундагы үнкүр-мазарга тосмо куруу тууралуу сунуштары колдоого алынсын.
2. “Беккер чункурунун” курулушуна айыл өкмөтү тарабынан долбоорду колдоо иретинде 150 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мал жандыктар суу ичүүчү ноо жасоо жана жайлоонун жолундагы үнкүр-мазарга тосмо куруу долбоорлоруна жайыт комитетинен эсебинен акча каражаты каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага |
Абдибает уулу М. |