Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 8-6
Жамаат Шаңкол-2017”жаратылышты коргоо боюнча коомдук бирикмесин уюштурууга макулдук берүү тууралуу
Шаңкол айылынын тургуну Жакыпов Мамурасулдун Кеңеш айыл аймагында “Жамаат Шаңкол-2017” жаратылышты коргоо боюнча коомдук бирикмесин уюштурууга жана иш аракет жүргүзүүсүнө макулдук берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 15 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагында “Жамаат Шаңкол-2017” жаратылышты коргоо боюнча коомдук бирикмесин уюштурууга жана иш аракет жүргүзүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага |
Абдибает уулу М. |