Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 8-7
Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттары жана иш-чараларды аткарууга алуу жөнүндө
Депутаттардын Кеңеш айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн башчысынын Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттары жана иш-чараларын аткарууга алуу тууралуу сунушун угуп жана талкуулап КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 20 жана 22-пункттарына жана 4-главасынын 31-беренесинин 17-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттары жана иш-чаралары иштелип чыгылсын.
2. Кеңеш айыл аймагында зордук-зомбулукту алдын алуу жана жоюуу боюнча зомбулуктан жабыркагандарга юридикалык жана психологиялык жактан кызмат көрсөтүү үчүн минималдык стандарттарынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн кадрлар, юридикалык маселелер боюнча башкы адиси М.Осмоновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мамашарип уулу Д тапшырылсын.
Төрага |
Абдибает уулу М. |