Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 10-3
Каржы маселелерине тийиштүү маселелерди кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеёешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги X сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Каржы маселелерине тийиштүү маселелерди кароо жөнүндөгү маселедеги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 8.02.2018-жылдагы № 59-катыныдагы “АК-Буура” чек ара заставасынын “Ак-Буура” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөсүнүн курулушуна, курулуш материалдарын сатып алууга акчалай жардам көрсөтүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 8.02.2018-жылдагы № 59- катынын негизинде “Ак-Буура” чек ара заставасына “Ак-Буура” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна, курулуш материалдарын сатып алууга сметада көрсөтүлгөн 85875 сом акча ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |