Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 10-4
Каржы маселелерине тийиштүү маселелерди кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги X сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Каржы маселелерине тийиштүү маселелерди кароо жөнүндөгү маселедеги, жарандардын акчалай жардам сурап жазган арыздарын кароо жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айылынын тургуну М.Мусабаевга дарыланууга 20,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
2. Кызыл-Кыштак айылынын Т.Маматалиева көчөсүнүн тургуну М.Юсуповго жана кызы С.Юсуповага дарыланууга 20,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
3. Кызыл-Байрак айылынын тургуну А.Жунусовага дарыланууга 5,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
4. Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа көчөсүнүн тургуну Б.Худайбердиевага дарыланууга 20,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин;
5. Кызыл-Байрак айылынын тургуну К.Эгамназаровага дарыланууга 7,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
6. Жаӊы-Турмуш айылынын Э.Рахманов көчөсүнүн тургуну М.Назиржановага баласын дарылатууга 20,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
7. Кызыл-Кыштак айылынын С.Хафизов көчөсүнүн тургуну М.Хакимовага дарыланууга 20,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
8. Ишкаван айылынын тургуну Г.Рахмановага ОшТУда окуп жаткан баласы А. Рахманновдун контрагын үчүн 16800 сом акчалай жардам берилсин,
9. Сүрөттүү-Таш участкасынын тургуну П.Кучаковага кызы С.Кучакованын дарылоосуна 20,0 миӊ сом акчалай жардам берилсин,
10.Ишкаван айылынын тургуну Э.Ысаковага ОшМУда окуп жаткан кызы К.Ысакованын контрагын үчүн 27 800 сом акчалай жардам берилсин,
11.Жаӊы-Турмуш айылынын тургуну Б.Умаралиевге 20 000 сом акчалай жардам берилсин,
12.Кызыл-Кыштак айылдык аймагынан Казак Республикасында болуучу мелдешке катышуучу 3 спортчуга жол киресине 20,0 миӊ сом акчалай колдоо көрсөтүлсүн,
13.Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн,
14.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” жана “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |