Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 10-6
Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелерге тийиштүү маселелерди кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги X сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелерге тийиштүү маселелерди кароо жөнүндөгү маселедеги, Кызыл-Кыштак айылындагы мурдагы “Төлөйкөн” участкалык ооруканасынын имаратын көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланган отчетунун негизинде ижарага берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылындагы мурдагы “Төлөйкөн” участкалык ооруканасынын имараты көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланган отчетунун негизинде ижарага берилсин.
2. Ижарага берүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жөктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |