Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 10-7
Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелерге тийиштүү маселелерди кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги X сессиясы, Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелерге тийиштүү маселелерди кароо жөнүндөгү маселедеги, Кызыл-Кыштак айылдык аймактагы аныкталган жерлерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 16.12.2017-жылдагы отрумунун чечиминин негизинде төмөндөгү жер аянттары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын:
1.1.Коммунист айылындагы жаёы конуштардагы-168,0 чарчы метр жер аянты,
1.2.Сүрөттүү-Таш участкасынын башкы планында жайгашкан мектеп жана балдар бакчасы үчүн каралган -1,60 га жер аянты,
1.3.Сүрөтүү-Таш мектебинин территориясына тиешелүү – 0,49 га жер аянты,
1.4.Сүрөттүү-Таш участкасында спорт аянты үчүн каралган - 1,5 га жер,
1.5Андижан айылындагы № 106 - Айбек атындагы мектептин территориясына тиешелүү -1680,0 чарчы метр жер аянты.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеёешинин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 10.02.2018-жылдагы отрумунун чечиминин негизинде Кызыл-Байрак айылындагы - 1,32 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы “Шамшад-Суу” ИСКАКБнын суу насосторуна жана суу кампага тиешелүү төмөндөгү жер аянттары айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын:
3.1.Жаёы-Турмуш айылынын МТФ участкасындагы – 0,70 га жер аянты,
3.2.Кызыл-Кыштак айылын Бостон участкасындагы – 0,47 га жер аянты,
3.3.Кызыл-Кыштак айылын К.Сабиров атындагы көчөсүндөгү – 0,03 га жер аянты,
3.4. Кызыл-Кыштак айылын Шамшат көчөсүндөгү – 0,03 га жер аянты,
3.5.Ишкаван айылындагы суу кампага караштуу - 0,78 га жер аянты.
4. М.Газиев атындагы мектептин территориясын аныктап балдар бакчасынын бөлүп маалекеттик акт даярдатып берүү айыл өкмөтүнө жүктөлсөн.
5.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган жерлерди катоого алуу, тийиштүү иш кагаздарын даярдап мамлекеттик катоодон өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Мунципалдык менчикке алынган жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу К.Р Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жөктөлсүн.
7. Мунципалдык менчикке алынган жер аянттары ижарага берилгенде же жеке менчикке сатылганда көрсөтүлгөн багытта гана пайдалансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Д. Сатвалдиев |