Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 30
2018-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын күн тартибиндеги: 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын, маданият жана жайыт комитетинин кызматкелеринин штаттык санын бекитүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүсүнүн жыйынтыктарын отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга карата киреше бөлүгү 31518,4 миӊ сомго, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгү 31518,4 миӊ сомго бекитилсин. Мындан 2,7 млн. сом атайын каражат. Ал эми 186,0 миӊ сом жайыт комитетинин эсебине келишим негизинде которулуп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондуна 285,0 миӊ сом ажыратылсын.
4. Айыл өкмөтү, жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
5. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2017-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде бардыгы - 39 штат кызмат орду бикитилсин. Мындан: 7 штат айыл башчылар, 8 штат АКС (ВУС) инспекторлор жана 4 штат техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлер.
Айыл өкмөтүнүн маданият тармагындагы кызматкерлердин - 6 штат кызмат орду бекитилсин.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга карата бюджеттин долбоору бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |