Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 31
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүүжана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын отрумдарынын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз IX сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын отрумдарынын протоколдорун бекитүү жөнүндөгү маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын:
-2017-жылдын 16-октябрындагы № 6-протоколу бекитилсин,
-2017-жылдын 25-октябрындагы № 7-протоколу бекитилсин,
-2017-жылдын 04-декабрындагы № 8-протоколу бекитилсин,
-2017-жылдын 15-декабрындагы № 9-протоколу бекитилсин,
-2017-жылдын 26-декабрындагы № 10-протоколу бекитилсин,
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Д. Сатвалдиев |
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун
№ 6-ПРОТОКОЛ
Жаӊы-Турмуш айылы 16-октябрь 2017-жыл.
Күн тартибинде:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жыл 19-августундагы отрумунун отрумунун № 5-пртоколуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мадусманов В., келип чыккан зарылчылыктарга байланыштуу Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жыл 19-августундагы отрумунун отрумунун № 5-пртоколунун чечиминин 8 жана 41 пункуттарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуш кылды. Туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү келип чыккан зарылчылыктарга байланыштуу сунушка макулдугун билдиришти.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып, айыл өкмөтүндөгү жана мектептердеги компьютерлердин ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө, мектептерге концелярдык буюмдарын сатып алууга, Бостон участкасындагы балдар бакчасынын ремонт иштерине жана Керме-Тоо айылындагы спорт залынын курулушуна акча каражатын ажыратуу зарыл болгондугун байланыштуу чечим кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылынын Бостон участкасындагы балдар бакчасынын ремонт иштерине 800,0 миӊ сом;
2. Керме-Тоо айылындагы спорт залынын курулушуна 460,0 миӊ сом;
3. Айыл өкмөтүндөгү мектептердин компьютерлерин ремонтоого жана техникалык тейлөөсүнө-50,0 миӊ сом;
4. Айыл өкмөтүндөгү мектептерге концелярдык буюмдарын сатып алууга 115,0 миӊ сом ажырытылсын.
5. Бул чечимди бекитип берүү айылдык кеӊештин сессиясына сунушталсын.
6. Бул чечимдин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
7. Бул чечимдин аткарлышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туруктүү комиссиянын төрагасы В.Мадусманов
Туруктүү комиссиянын мүчөлөрү А.Умурзаков
А.Алимжанов
С.Мелибаев
Д.Рахманов
Р.Халматов
Э.Якубов
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун
№ 7-ПРОТОКОЛ
Жаӊы-Турмуш айылы 25-октябрь 2017-жыл.
Күн тартибинде:
Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Бостон участкасындагы балдар бакчасынын ачылышына байланыштуу бүтпөй калган чарбалык иштерине акча каражатын ажыратуу жөнүндө.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мадусманов В. отурумду ачып, Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Бостон участкасындагы балдар бакчасынын ачылышына байланыштуу бүтпөй калган чарбалык иштерин тез арада бүтүрүүгө акча каражатын ажыратуу зарыл экендигин билдирди.Бул төмөнкүлөр:
- Суу түтүктөрүн орнотууга, смета боюнча 20,0 миӊ сом;
- Электр эсептегич орнотууга, смета негизинде;
- Идиш аяактарга смета негизинде;
- Балдар бакчасына кабыл алынган ар бир балага тамак-ашы үчүн -200,0 сомдон.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы, күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып талкуулап, Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Бостон участкасындагы балдар бакчасынын ачылышына байланыштуу бүтпөй калган чарбалык иштерине жана балдар бакчасына кабыл алынган ар бир балага тамак-ашы үчүн -200,0 сомдон акча каражатын ажыратуу зарыл экендигине байланыштуу чечим кылат:
1. Суу түтүктөрүн орнотууга, смета боюнча 20,0 миӊ сом;
2. Электр эсептегич орнотууга, смета негизинде;
3. Идиш аяактарга смета негизинде;
4. Балдар бакчасына кабыл алынган ар бир балага тамак-ашы үчүн -200,0 сомдон.
5. Бул чечимди бекитип берүү айылдык кеӊештин сессиясына сунушталсын.
6. Бул чечимдин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
7. Бул чечимдин аткарлышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туруктүү комиссиянын төрагасы В.Мадусманов
Туруктүү комиссиянын мүчөлөрү А.Умурзаков
А.Алимжанов
С.Мелибаев
Д.Рахманов
Р.Халматов
Э.Якубов
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин ( алтынчы шайланган )
бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун
№ 8- протоколу
Жаӊы-Турмуш айылы. 04.12. 2017-жыл.
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин бюджет, финансы,-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы В.Мадусманов отрумду ачып күн тартибине төмөнкүдөй маселелерди сунуш кылды:
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен:
1. Сүрөттүү-Таш участкасындагы ФАПтын курулушуна ажыратылган түрткү берүүчү грантка, айыл өкмөтүнүн салымы катары 15 пайызы - 450,0 миӊ сом ажыратуу;
2. М.Сабиров атындагы мектептин жылытуу системасынын ремонтуна ажыратылган түрткү берүүчү гранттын 15 пайызы, айыл өкмөтүнүн салымы катары - 450,0 миӊ сом ажыратуу;
3. АРИСтин колдоосунда айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине берилген айыл чарба техникаларына, айыл өкмөтүнүн салымы катары 25 пайызы- 1 235,3 миӊ сом ажыратуу.
Күн тартибиндеги ушул маселелерди тез арада каржылоо зарыл болгондуктан карап чыгып сунуштарыӊызды берсеӊиздер.
Депутат Халматов Р: Сүрөттүү-Таш участкасындагы ФАПтын курулушунун ото зары болгондуктан айыл өкмөтүнүн салымы катары 450,0 миӊ сом ажыратууну колдойм.
Депутат Алимжанов А: М.Сабиров атындагы мектептин жылытуу системасынын тез арада оӊдоп түзөө керек ошондуктан айыл өкмөтүнүн салымы катары 15 пайызын - 450,0 миӊ сом ажыратууну колдойм.
Депутат Якубов Э: АРИСтин колдоосунда айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине берилген айыл чарба техникаларына айыл өкмөтү үчүн өтө зарыл ошондуктан айыл өкмөтүнүн салымы катары 25 пайызын- 1 235,3 миӊ сом ажыратууну колдойм.
Депутаттар, сөзгө чыккан депутат: Р.Халматов, А.Алимжанов, жана Э.Якубовдордун сунуштарын бир добуштан колдошту.
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин бюджет, финансы,-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясы күн тартибиндеги маселелерди карап чыгып, талкуулап чечим кылат:
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн каражаттардын эсебинен:
1. Сүрөттүү-Таш участкасындагы ФАПтын курулушуна ажыратылган түрткү берүүчү грантка, айыл өкмөтүнүн салымы катары 15 пайызы - 450,0 миӊ сом ажыратылсын,
2. М.Сабиров атындагы мектептин жылытуу системасынын ремонтуна ажыратылган түрткү берүүчү гранттын 15 пайызы, айыл өкмөтүнүн салымы катары - 450,0 миӊ сом ажыратылсын,
3. АРИСтин колдоосунда айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине берилген айыл чарба техникаларына, айыл өкмөтүнүн салымы катары 25 пайызы- 1 235,3 миӊ сом ажыратылсын.
4. Бул чечимди бекитип берүү Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
5. Бул чечимди аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, финансы,-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туруктуу комиссиянын төрагасы В.Мадусманов
А.Алимжанов
Р.Халматов
Э.Якубов
Б.Камилов
А.Умурзаков
Д.Рахманов
С.Мелибаев
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун
№ 9-ПРОТОКОЛ
Жаӊы-Турмуш айылы 15-декабрь 2017-жыл.
Күн тартибинде:
Жаӊы 2018-жылды тосуу үчүн акача каражатын ажыратуу жөнүндө.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Мелибаев Санжарбек, күн тартибиндеги маселе боюнча, 2017-жылдын бюджетинде жардам үчүн каралган акча каражат эсебинен Кызыл-Кыштак айылдык аймактага аз камсыз болгон тоголок, жарым жетим балдарга жаӊы жылга белек берүүгө жана айылдык кеӊештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жаӊы жылды тосууга акча каражатын бөлүү боюнча сунущ кылды.
Депутат Халматов Р: Кызыл-Кыштак айылдык аймактага аз камсыз болгон тоголок, жарым жетим балдарга жаӊы жылга белек берүүгө 2017-жылдын бюджетинде жардам берүү үчүн каралган акча каражатынын эсебинен 182,0 миӊ сом жана айылдык кеӊештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине 120,0 миӊ сом ажыратууну сунуш кылам. Өзүӊүздөр билесиздер 2017-жылда айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө бардыгыбыз өз салымыбызды коштук.
Депутат Алимжанов А: Айылдык аймактага аз камсыз болгон тоголок, жарым жетим балдардын тизмесин мектептердин директорлору, балдар бакчалардын башчылары жана айыл башчылар тактап берсин. Ошондой эле депутат Р.Халматовдун сунуш кылган акча каражаты бөлүү сунушун колдойм.
Сунушту башка депутаттар да колдошорун билдиришти.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы, күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып талкуулап, жаӊы 2018-жылды тосуу үчүн акача каражатын ажыратуу боюча чечим кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы аз камсыз болгон тоголок, жарым жетим балдарга 2017-жылдын бюджетинде жардам берүү үчүн каралган акча каражатынын эсебинен 182,0 миӊ сом жана Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине 120,0 миӊ сом ажыратылсын;
2. Бул чечимди бекитип берүү айылдык кеӊештин сессиясына сунушталсын.
3. Бул чечимдин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул чечимдин аткарлышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туруктүү комиссиянын төрагасы В.Мадусманов
Туруктүү комиссиянын мүчөлөрү А.Умурзаков
А.Алимжанов
С.Мелибаев
Д.Рахманов
Б.Камилов
Р.Халматов
Э.Якубов
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын отрумунун
№ 10 –ПРОТОКОЛ
Жаӊы-Турмуш айылы 26-декабрь 2017-жыл.
Айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты.
Күн тартибинде:
1. Кызыл-Кыштак айылындагы № 65-М.Сабиров атындагы гимназия мектебинин жылытуу системасын толук капиталдуу ремонттоо үчүн Республикалык түрткү берүүчү грант эсебинен акча каражаты каралгандыгына байланыштуу, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен айыл өкмөтүнүн салымы кошу максатында акча каражатын кароо жөнүндө.
Угулду: М.Сабиров атындагы гимназия мектебинин директору Д.Усманова сөз сүйлөдү. Өзүӊөргө белгилүү М.Сабиров атындагы гимназия мектебинин имараты 1977-жылда курулган, жылутуу системасы азыркы күнгө келип жараксыз абалга келип калган. Азыркы күнгө окуу класстарынын 60 пайызы такыр ысыбайт. Окуучулар жана мугалимдер кыш мезгилинде кыйналып жатышат. Ошондуктан мектептин жылытуу системасын толук капиталдуу ремонттоо керек. Адистер тарабынан түзүлгөн смета 6842175 сомду түзөт. Бул акчанын 3000000 сому республикалык түрткү берүүчү грант эсебиниен ажрыратылып жатат, калган 3842175 сомун айыл өкмөттүн 2018-жылкы бюджетинен карап беришиӊерди суранамын.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Мелибаев Санжарбек, Бул сметадагы акчанын 3000000 сомун республикалык түрткү берүүчү грант эсебиниен ажрыратылып жаткан болсо айыл өкмөтүнүн салымы катары 3842175 сом ажыратып берүүсүн сунуштайм жана колдойм.
Депутаттар: А.Умурзаков, А.Алимжанов, Р.Халматов жана Э.Якубовдор, эгерде республикалык бюджеттен 3,0 млн сом каралып жаткан болсо айыл өкмөтүнүн салымы катары 3,842 миӊ сом ажыратып берүүсүн сунушун колдошорун билдиришти.
Сунуш колго салынып 7 депутат колдоду.
Депутат Камилов Б: Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин сессиясында каралганга чейин мен калыс болом.
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы,күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылындагы № 65-М.Сабиров атындагы гимназия мектебинин жылытуу системасын толук капиталдуу ремонттоо үчүн Республикалык түрткү берүүчү грант эсебинен акча каражаты каралгандыгына байланыштуу, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен айыл өкмөтүнүн салымы кошу максатында акча каражатын кароо жөнүндөгү маселени көрүп чыгып талкуулап, чечим кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылындагы № 65-М.Сабиров атындагы гимназия мектебинин жылытуу системасын толук капиталдуу ремонттоо үчүн Республикалык түрткү берүүчү грант эсебинен акча каражаты каралгандыгына байланыштуу, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинен айыл айыл өкмөтүнүн салымы катары 3842175 сом ажыратылсын.
2. Бул чечимди бекитип берүү айылдык кеӊештин сессиясына сунушталсын.
3. Бул чечимдин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул чечимдин аткарлышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туруктүү комиссиянын төрагасы В.Мадусманов
Туруктүү комиссиянын мүчөлөрү А.Умурзаков
А.Алимжанов
С.Мелибаев
Д.Рахманов
Б.Камилов
Р.Халматов
Э.Якубов