Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 34
Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Керме-Тоо айылындагы 210,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдыкменчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз IX сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Керме-Тоо айылындагы 210,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү” маселелерин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Керме-Тоо айылындагы 210,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев |