Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-июлу № 4/1
Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2017-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2017-жылдын II жарым жылдыгына милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштери жана 2017-жылдын II жарым жылдыгына милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл ӨкмөтүнүнбашчысыК.Баатыровдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2017-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.(Маалымат тиркелет)
2. Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго:
-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
-калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону,оруп-жыюу маселелерин жөнгө салуу, жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, көпүрөлөрдү куруу жана колдонуудагы көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |
2017-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүүгүсү боюнча Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровтун жергиликтүү кенештин депутаттарына берген
МААЛЫМАТЫ
Урматтуу төрага !
Урматтуу депутаттар !
Өзүӊүздөр жакшы билгендей 2017-жылды Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыяланган. Ага ылайык айыл аймагынын өнүүгүү планын негизинде иш-чаралар иштелип чыгып бир топ иштер аткарылды.Айыл аймагынын негизги көрсөткүчү болуп жергиликтүү салыктар жана салык эмес төлөмдөр болуп эсептелишет.
6 айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бөлүгү план боюнча 1593.5 миӊ сом болсо аныгында 1992,1 миӊ сом болуп план 125% аткарылды. Өткөн 2016-жылда 6 айда 1816,07 миӊ сом болуп өсүү темпи 109% болду түрлөрү боюнча кирше салыгы план боюнча 744,8 миӊ сом болсо аныгында 953,6 миӊ сом болуп 128,8 % аткарылды, бирдиктүү салык 28,6 сом түштү, милдеттү патент план боюнча 6.1 болсо 6.3 миӊ сомго аткарылды, ыктыярдуу патент план боюнча 98,8 миӊ сом болсо 81,6 миӊ сомго аткарылып 82,6 % болду, кыймылсыз мүлк 8,5 миӊ план болсо 7,8 миӊ сомго аткарылып 91,7 % болду. Транспорт салыгы план боюнча 271,4 миӊ болсо аныгында 290,6 миӊ болуп 107,1 % аткарылды. Физикалык салык 112,7 план болсо 160,3 миӊ сомго аткарылып 142,2 % болду. Юридикалык салык план боюнча 91.5 миӊ сом болсо аныгында 177,2 миӊ сомго аткарылып 193,9% болду, айыл чарбасына арналбаган салык план боюнча 44,1 миӊ сом болсо аныгында 85,5 миӊ сом болуп 193,9 % аткарылды, сатуудан салык 27,7 миӊ сом план болсо аныгында 10,6 миӊ сом болуп 38,2 % аткарылды. Калктуу конуштардын жери үчүн план 36,1 миӊ сом болсо 46,2 миӊ болуп 128 % аткарылды. ФПСтен план 50,3 миӊ сом болсо 51,9 миӊ сом болуп 103,1 % аткарылды.
Жайыт аренда 16,5 болсо аныгында 5 миӊ сом болуп 30,3 % аткарылды. Мусор салыгы план 85,0 миӊ сом болсо 86,9 миӊ сом болуп 102,3 % аткарылды.
-Айыл аймагында 6 айдын ичинде төмөндөгүдөй инвестициялар тартылды. Негизиннен АРИС программасы ошондой эле «Элдин үнү» Швейцариялык долбоорго максатуу айыл аймагы болуп кирип азыркы учурда окуулар болуп жатат. АРИС долбоору аркылуу Ажике жайлоосуна кеткен жолго Сары-Булак айыл аймагы менен биридкте көпүрө салынып жатат бүтүп калды. андан тышкары Шаркыратма айылына өткөн жолго көпүрө «Беккер» чункуру жана бир трактор келгени турат. Ошондой эле мектепке чейинки мекемелерди колдоо программасы аркылуу А.Осмонов мектебинин алдындагы бала бакча жана Шаркыратма айылындагы Ж.Айтбаев атындагы мектеп алдындагы бала бакчаларга имараттын ичине ажатканга, жуунучу жай сыртта балдар ойной турган эмеректери алынып берилди. Ушул учурда пайдаланып быйылкы 20-жылдык бүтүрүүчүлөр Ылай-Талаа жана Сай айылдарынын кире беришине белги коюп беришти. Жалпы сумма 700 миӊ сомдук.
-Билим берүү мекемелери боюнча Жалпы айыл аймагы боюнча 6 мектепке 152 мугалим 73 техперсонал эмгектенип жатышат. Быйылкы 2016-2017- окуу жылына М.Баатыров атындаг мектептен бүтүрүүчү класстан 21 окуучудан 17 окуучу ЖРТ (ОРТ) тапшырып эӊ жогорку балл 149 эӊ төмөнкү 79 балл болду, орточо 111 баллды түздү.
20 жылдык бүтүрүүчүлөр 30 миӊ сомдук жардам беришти. Андан чырткары 24550 сомдук стипендия таркатылды.
А.Осмонов мектеби боюнча 214 окуучу ЖРТ тапшырып босого баллдан 8 окуучу өттү , эӊ жогорку балл 151 эӊ төмөнкү балл 98 балл болуп орточо 101,8 баллды туздү.
20 жылдык бүтүрүүчүлөр 40 миӊ сом,андан сырткары стипендия демөөрчүлөрдүн жардамы жалпы 90,3 миӊ сом болду.
19 окуучу 3 ЖРТ катышып анын ичинен 10 окуучу 163 балл эӊ төмөнкү 67 балл болуп орточо 113.05 балл болду. 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 15 миӊ сом Дыйканов Сыдык 42 миӊ сомдук музыкалык аппаратура жалпы 94,5 миӊ сомдук жардам беришти .
Жалпы айыл Өкмөтү боюнча 64 окуучу катышып анын ичинен 28 окуучу босого баллдан өтүп 43 % түздү. 1-4 класстарга тамактануусун жакшыртуу максатында үч чоӊ мектепке 2 га жер бөлүп берилип арпанын үрөөнүн эгип алышты.
Электр энегия боюнча айыл аймагындагы мектептер , бала бакчалар ,айыл өкмөтүнүнконтарасы , клуб жана көчө жарыктары менен лимит боюнча 191320 миӊ квт болсо аныгында 127962 миӊ квт жагылды. «Кыргыз Олигарх» фирмасы 138 миӊ сомго көчө жарыгын утуп алып 100 даана Светильник Фотореле менен коюп беришти.
Кара-Кулжа РИИБ нүн аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтананты А.Бакиров 2015- жылдын ноябрь айынан бери Ылай-Талаа айыл аймагында кызмат өтөп келет. 2017-жылдын 6 ай ичинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
КУП китепчесине 19 матераил катталган анын ичинен 5 материалга кылмыш иши козголгон 14 материалга кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш иши козгоодон баш тартылган жөнүндө токтому чыккан. Ал эми бет ачылбай калган кылмыштар жок. КР АЖК ни бузгандар бардыгы болуп 164 атуулга администрациялык протоколдор түзүлгөн . Аксакалдар сотуна 34 материал жөнөтүлгөн .Бугунку кундо профилактикалык иштерди жүргүзүлуп жатат .
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмү калктын аярлуу катмары менен иш алып барат
2017 –жылдын 6 айга карата төмөндөгүдөй жардамдар берилди.
Баткен коогаланына -20 адам 10 миӊ сом
Афган күнүнө карата -9 адам 15 миӊ сом
ЧАЭС күнүнө карата 4 адам 5 миӊ сом
Улуу –Ата мекендик согуш ветерандары 12 адам 20 миӊ сом
Материалдык жана акчалй жардамдар.
Орунбаев Умугүлсүн 3000 миӊ сом
Абдраев Мелис -3000 миӊ сомм
Салиев Окен 4000 миӊ сом
Максүтов Абибилла -5000 миӊ сом
1-июнь Балдарды коргоо күнүнө 360 бала 20 миӊ сом,майып балдардын фестивалына 5 балага 2500 сом.
Баатыр энелерди сыйлоого 6 адам 2000 сом
-Айыл чарбасы боюнча өзүӊүздөр жакшы билгендей быйылкы жылы АРИС долбоору аркылуу ветврачтарга абдан жакшы жардамдар биздин айыл өкмөтүнө 2 мотоцикл ,компьютер, ноутбук , чөнтөк телефон берилди. Бодо малдарга 2500 бирка келип анын 2363 бирка басылды 137 бирка басылбай калды. Омошов Бакы -1070 Асранкулов Абдибали 920 даана Ташматов Турдали 960 даана бирка берилген анын 450 бирка Кенеш ао берилген.
Кээ бир атуулдар бастырбай койгон бирка бастырбаган адамдардын тизмеси:
№2
1.Таиев Амат
2.Апышов Медербек
3.Апышов Мыкы
№6
1.Адинов Арапмамат
2.Мамажанов Бедеӊ
№7 бөлүм
1.Сабанов Бурканбек
2.Токтосунов Эрнист
3.Осмонов Акылбек
4.Осмонов Мухтар
5.Турганбаев Нургазы
6.Аманов Чынберди
7.Чатаев Турдали
8.Мамытов Томан
9.Болушов Асан
№ 4,5
1.Жусуев турдали
2.Ысаков Апи
3.Ормошов Калмурат
Ылай-Талаа айыл Өкмөтү боюнча VI айлык ветеринардык иштер боюнча
МААЛЫМАТ
1.Жылкы
1) Сибирская Язва 1497
2. Кара мал
1) Сивирская язва 3100
2) Шарп 4440
3 Кара сан 2000
3.Майда жандык
1) сибирская язва 20837
2) оспа 7307
3) чума 12771
4.Кантуулар 3951
Чума МРС 3951 гол
5.Ит
1) Кутурма 881
2) дегельметизация 881 эки жолу квартал сайын
Жыл өткөн сайын элибиз туура түшүнүп эгин эгүү колго алынып келе жатат. Быйылкы жылы №2 бөлүмдүн кээ бир атуулдары айдоо аянттарын тосуп көп жылдык эгин эгип айдоо аянттарын оӊдоого кадам ташташты десем жаӊылышпайм. Быйыл 7.5 тонна арпанын уругун жер семирткичи менен келип жетишинче элге бөлүп бердик. Ушул урук 3 жылга чейин элге берилип ушул жерде калат. 3 км жерге айдоо аянтына каналокопатель тартып бердик. Сугат суу өз убагында берилип жатат. Ылай-Талаа айылында чоӊ көчөдөн төрт жерин трубаны көтөрүп бердик, 130 метр жерди арыгын тазалап труба койдуруп бердик. Тери цехке кеткен 2 латокту алмаштырдык.
Сугат суу боюнча быйылкы жылы Сай айылына өз денгээлинде суу берелбай жатабыз. Анын себеби курулган дамбаны суу жеп кетип бир топ кыйынчылыктар болду. Ички чарбалык жолдор боюнча айта кетсем Тастар-Ата жолун , Кереге –Таш жол жылга жолдорун оӊдоп түзөп бердик Жылкол айылына кетчү жолду үч жолу оӊдоп түзөдүк, Белбашатка кеткен жаман жолго чейин түзөп көчкүдөн жол салып жаман жолду оӊдоп бердик. Жаан чачындын көп жаагандыгы ошондой эле Тар дарыясынын коп киргендигинен Сай айылындагы жолду сактап калуу максатында дамбага 28 рейс шагыл төгүлдү.
Аскердик учет боюнча жазгы чакырууга план боюнча 8 бала болсо аныгында 11 бала аскерге кетти.
-Маданият тармагы боюнча алсак 2016жылдык жыйынтыгы менен алдыга койгон милдеттерди аткарып жатабыз, алсак айыл аймагынан чыккан акындарды , обончу аткаруучулар менен бирдикте «Нооруз» майрамын өткөрдүк.
-Кара-Кулжа районунун 80-жылдык мааракесине катыштык.
Ыйман адеп маданият жылына карата семинар өткөрдүк.
-Айыл ичиндеги көчөнү кенейтүү жарыктандыруу каралды эле аткарып жатабыз.
Мындан сырткары дагы алдыга коюулган милдеттери Буйга суусун алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин калган иштерди толугу менен аткарууга , ошондой эле жеригилктүү бюджетти көбөйтүү боюнча иштерди аткарабыз деп сиздерди ишендирип кетким келет
Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат
Ылай-Талаа айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Баатыров