Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 5/1
Ылай-Талаа айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу,жайыттардын эрозияга учурашын алдын алуу жана жайыт акыларын жыйноо боюнча жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөништеринин абалы жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин търагасы Ж.Ибраимовдун 2017-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын жана айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайыт акыларынан чогулган жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келиптүшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин търагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |