Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 6/2
Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын тамак-ашын берүүдөгү түзүлгөн шарттарынын жана мектептерге каралган ар түрдүү чыгымдардын сарпталышынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык туруктуу комиссиялардын айыл аймагындагы мектептеринде жүргүзгөн текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Ылай-Талаа айылдык кеӊешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын малыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын тамак-ашын берүүдөгү түзүлгөн шарттары боюнча аткарылган иштеринде жана мектептерге каралган ар түрдүү чыгымдардын сарпталышында жетишкендиктер менен кошо айрым кемчилдиктерге жол берилгендигин эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди четтетүү жагын колго алуу аркылуу окуучуларга берилүүчү тамак-аштын сапатына жана колдонуучу азык-түлүктөрүнүн мөөнөтүнө дайыма көзөмөл жүргүзүп туруу жана бюджетте каралган ар түрдүү чыгымдарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануу жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеёешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага | Н. Жолдошов |