Редакцияот 19.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 19-декабры № 6/3

 Айыл аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшүнүн абалы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде айыл аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшү боюнча 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын Ылай-Талаа участкасынын башчысы Д.Мамазайировдун малыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Айыл аймагында жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөдө жана дебитордук карызды өндүрүүгө Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын Ылай-Талаа участкасынын башчысы Д.Мамазайировдун 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери канааттандырарлык экендиги белгиленсин.

2.    Айыл аймагында жашаган калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыз кылуу, айрыкча күндүн суук мезгилинде жүйөөлүү себепсиз светтин өчүп калышына жол бербөө, айыл Өкмөтү менен биргеликте жаёы конуштарда электр энергиясын колдонууда өз алдынча пайдалануудгы электр зымдарын атайын талапка жооп бере турган мамычаларды орнотуу менен чубалгыларды тартып жеткирип берүү, пайдаланган электр энергиясына тургундар тарабынан төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жана калктын дебитордук карыздарынын суммасын азайтуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын Ылай-Талаа участкасынын башчысы Д.Мамазайировго милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёештин курулуш,транспорт, соода байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Жолдошов